ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиада

ОшМУда окутуучулар ортосундагы спартакиадада Медициналык колледждин спортчулары I орунду багындырды Ош мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Спорттун 5 түрү боюнча волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдешке окуу жайдын бардык факультетинен жана колледжинен командалар катышышты.
10.02.2015 1017 Кесиптик бирлик региондордоЖАМУнун профсоюздук уюму ишмердүүлүгүн өркүндөтүүдө

ЖАМУ- жаӊы типтеги тарыхий университет. Өзгөчө тагдырга, тарыхка ээ Жалал-Абад мамлекеттик университети КРнын Президентинин №101 Указы менен 1993-жылы 2-апрелде түзүлгөн. 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №197 токтомунун жана билим берүү министрлигинин 15-майдагы №163/1 буйругунун негизинде университет болуп уюшулган.
10.02.2015 1148 Кесиптик бирлик региондордоОшМУнун студенттери Германиянын алдыңкы клиникаларынан практикадан өтүшөт

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин 14 студенти жана 2 окутуучусу үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 12-мартына чейиники аралыкта Германия өлкөсүндөгү Мюнхен, Киль жана Йена шаарларында жайгашкан алдыңкы медициналык институттарында, клиникаларда болуп, тажрыйба алмашып, таанышып, жаңы аппараттар менен иштөө жолдорун көрүшүп, үйрөнүп келишет.
10.02.2015 1365 Кесиптик бирлик региондордоРАЙОНДУК КОМИТЕТТИН ПЛЕНУМУНДА ТАРБИЯЧЫЛАРДЫН ЭМГЕГИН КОРГОО МАСЕЛЕСИ КАРАЛДЫ

Райондук комитеттин Пленумунда“ Райондун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде КР “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык педагогикалык жана көмөкчү кадрлардын эмгегин коргоо иштеринин абалы жөнүндө” деген маселе каралып, райБББнын башчысынын орун басары, райондук комитететтин мүчөсү О.Мажилимов баяндама жасады.
02.02.2015 952 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Алай райондук комитетинин акыркы жылдарда жүргүзгөн иштери боюнча м а а л ы м а т
.jpg)
Кыргыз Республикасындагы көптөгөн укуктук, нормативдик документтерге жана мыйзамдардын базасын документ катары пайдалануу менен аларды ар бир баштапкы уюмга жеткирүү менен профсоюздун Алай райондук комитети укуктук жана социаладык – экономикалык жактан колдоодо бир топ иш аракеттерди жүргүзүү менен борбордук комитет белгилеген орчундуу милдеттерди аткарып келүүдө.
02.02.2015 1047 Кесиптик бирлик региондордоАраван районунда уюштурулган семинар боюнча
.jpg)
Үстүбүздөгө жылдын 23 – январында Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин адистери Мамбет Аттокуров жана Эшболот Ажиматовдор Араван районунун билим берүү кызматкерлерине эмгек акылардын туура төлөнүүсү, кароолдордун түнкү сменде иштегендиги үчүн, майрам жана дем алыш күндөрүнө төлөнүүчү эмгек акылары жөнүндө окуу - семинар өткөрүштү. Семинарга районубуздагы борборлоштурулган бухгалтериянын эсепчилери жана мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары катышышты.
02.02.2015 902 Кесиптик бирлик региондордоКасым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата

Бүгүнкү күндө профсоюз түзүмүндө 7 факультет, 26 кафедра, техника-экономикалык колледж, үзгүлтүксүз билим берүү борбору бар. Профессордук-окутуучулардын курамы 282, окууга көмөкчү кызматкерлер 70, административдик башкаруу кызматкерлер 83, административдик-чарбалык жумушчулар 107, күндүзгү бөлүмдөгү студенттер 2623 анын ичинен 779 бюджет бөлүмү, 1463 контракт бөлүмү, колледж 381).
27.01.2015 5475 Кесиптик бирлик региондордоЧүй райондук спорттук оюндар-2015

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2015-жылды «Сергек жашоо мүнөзү» менен баштоого багыт алды. Кышкы каникулда –волейбол, стол тенниси, жазгы каникулда- баскетбол, тогуз коргоол, күзгү каникулда-Кышкы каникул күндөрүндө билим берүү кызматкерлеринин арасында волейбол, стол тенниси боюнча спорттук оюндар уюштурулду.
27.01.2015 1131 Кесиптик бирлик региондордоНоминация "жылдын мыкты профкому - 2014"
2015-жылдын 13-январында билим, илим кызматкерлеринин Ош облусттук комитети 2014 жылдын жыйынтыгын чыгарды. Ош мамлекеттик социалдык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, м.и.к. Мамажакып уулу Чынгызбек "жылдын мыкты профкому - 2014" номинациясын жеӊип алып, I даражадагы диплом жана 7000( жети миӊ) сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
27.01.2015 987 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда окутуучулардын жана кызматкерлердин спартакиадасы жыйынтыкталды

Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо аземинде 1-орунду алган командага кубок менен биргеликте ОшТУнун профсоюз уюму 10 000 сом акчалай сыйлык берсе, окуу жайдын эсебинен «Чыйырчык» лыжа лагерине 20 адамдык сертификат берилди. Мындан сырткары спорттук оюндарда активдүүлүгүн көргөзгөн кызматкерлерге дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды
27.01.2015 1058 Кесиптик бирлик региондордоСпартакиада - 2015

2015-жылдын 14-январында Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» спорттук комплекесинда жана №14 Губкин атындагы орто мектебинде Ноокен районунун билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы болуп, анда 9 айыл аймактардын курама командалары катышты. Спартакиада спорттун волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча өткөрүлүп, 281 спортчу катышты.
22.01.2015 978 Кесиптик бирлик региондордо