Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы болуп өттү

        Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Баткен облустук музыкалык-драма театрында зор шаан-шөөкөт менен өткөрүлдү. Салтанаттуу аземди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө чакырды.

         КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн орун басары С.Абдырахманов жана райондун акиминин орун басары К.Кыдыровалар ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттукташты, алдыңкыларга Билим жана илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жана райондук мамлекеттик администрациянын сыйлыктары тапшырылды.

        Жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишип, билим берүү мекемелеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган 30 жаш мугалимге усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылып, раймамадминистрациянын жана райондук кесиптик бирлик комитетинин акчалай сыйлыктары берилди.

Салтанаттуу азем райондук балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучуларынын концерти менен улантылды.

 

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен райондук

комитетинин жетектөөчү адиси