Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин пленуму болуп өттү

2024-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин пленумуну болуп өттү.

Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Контролдоо башкармалыгынын инспектору Иманалиева Айдана Керимбековна, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул, борбордук комитеттин мүчөлөрү, чакырылган кесиптик бирликтин төрагалары жана борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Пленумда төмөнкү маселелер каралды:

1. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин жана президиумунун мүчөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин текшерүү комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

4. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

5. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кезексиз XXVI cъездине делегаттарды шайлоо жөнүндө.

6. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ишмердүүлүгүнүн 2023-жылдагы жыйынтыгы жөнүндө. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин сыйлыктарын тапшыруу.

“Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин жана президиумунун мүчөлүгүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маселеси талкууланып, 16 кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу, кесиптик бирликтин борбордук комитетинин мүчөлүгүнөн чыгарылды.

КР Билим жана илим кызматкерлеринини кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин мүчөлүгүнө райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин жаңыдан шайланган 10 төрагалары киргизилди. Андан кийинки маселе Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу боюнча кетүү жөнүндө арызы каралып, КР ЭК 82-статьясына ылайык төрагалык кызмат ордунан бошотулду. А.Токтогуловго кесиптик бирлик билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирилди.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагалыгына Султанбаев Абдыкадыр Дардановичти шайлашты. Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин  төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дардановичти жаңы төрагалык кызматы менен куттукташып, кесиптик бирликтеги мындан аркы ишмердүүлүгө ийгиликтерди каалашты.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Президиумунун жана анын жаңы мүчөсү болуп, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу шайланды.

“Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын V бөлүгүнүн 41 пункту төмөндөгүдөй абзац менен толукталды:

“Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук, областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалык кызматына мамлекеттик кызматта эмгектенген талапкер көрсөтүлгөн шартта, ал талапкер өзүнүн арызына ылайык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы кызматына шайланганга (шайланбай калган убакка чейин) ээлеген кызматынан четтетилип турушу зарыл”.

2. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын V бөлүгүнүн 42 пункту төмөндөгүдөй абзац менен толукталды:

“Отчеттук кайра-шайлоо конференциясында жана уюштуруу пленумунда шайланган төрагалар Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумунун токтому менен бекитилет жана ошондон кийин юридикалык күчкө ээ болот”.

Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын 41 жана 42-пунктарына киргизилген толуктоолор кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин кезектеги съездинде бекитилет.

“Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кезексиз XXVI cъездине Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Кыргызстан профсоюздар федерациясынын XXVI съездине 4 делегат шайланды.

“Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2023-жылдагы кесиптик бирликтин борбордук комитетинин сыйлыктары тапшырылды.

Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагы Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине мүчө болгон аймактык уюмдарда маалыматтык ишмердүүлүктү, жаңы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү максатында өткөрүлөт. Кесиптик бирликтердин ишин кеңири маалымдоого, алардын мүчөлөрүнүн эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо коомдук активдүүлүктүн өсүшүнө багытталат.

Кесиптик бирликтердин маалыматтык ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүнү, алдыңкы иш тажрыйбалары менен бөлүшүүнү жана  жаңы маалыматтык технологияларды кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүнө киргизүүнү стимулдаштыруу максатында тармактык кесиптик бирлик комитеттери аркылуу алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келүүдө.      

Мыкты кесиптик бирлик мүчөлөрүнө маалымат иштерин уюштуруу боюнча райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттерин аныктоо, кесиптик бирлик комитеттеринде маалыматтык ишмердүүлүктү, жаңы маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, кесиптик бирликтердин маалыматтык ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүнү, алдыңкы иш тажрыйбалары менен бөлүшүүнү жана жаңы маалыматтык технологияларды кесиптик бирлик комитеттеринин ишмердүүлүгүнө киргизүүнү стимулдаштыруу максатында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин 2023-жылдын 27-январындагы № 23/1 токтому менен бекитилген “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Кароо-сынакка 10 райондук, шаардык жана баштапкы  кесиптик бирлик уюмдары катышышкан.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  борбордук комитетинин президимунун 2023-жылдын 27-январындагы № 23/1токтому менен түзүлгөн комиссия борбордук комитетке  келген материалдарды кароо-сынактын критерийлери менен карап, маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитеттерин аныкташты.

1. “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын “Маалымат ишиндеги мыкты инновация” аталышы боюнча женүүчү болуп Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети Диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдарович.

2. “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын “Мыкты кесиптик бирлик интернет-ресурсу, социалдык аккаунт” аталышы боюнча женүүчү болуп Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Өзгөн  райондук комитети табылып, Диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Төрагасы Мырзамидинов Ибраимберди Шамшиевич.

3. “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын “Мыкты маалыматтык кесиптик бирлик бурчу” аталышы боюнча женүүчү болуп Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жумгал райондук комитети Диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Төрайымы Жамантаева Бегимкан Абировна.

4. “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагынын “Кесиптик бирликтин мыкты үгүт материалдары” аталышы боюнча женүүчү болуп Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сокулук райондук комитети Диплом жана баалуу белек менен сыйланды. Төрайымы Качкымбаева Алина Бейшеналиевна.

5. “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык кароо-сынагына активдүү катышкандыктары үчүн дипломдор менен төмөнкү кесиптик бирлик комитеттери сыйланышты.

  1. Ош мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитети. Төрагасы Саттаров Апсамат Эрмаматович.
  2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Токмок шаардык комитети. Төрайымы Жумалиева Дамира Рысбековна.
  3. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитети. Төрайымы Тажибаева Назипакан Кадиралиевна.
  4. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети. Төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич.
  5. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитети. Төрагасы Муратбек уулу Назаркул.
  6. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чүй райондук комитети. Төрагасы Джекшенбек уулу Мезгилбек.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Билим жана илим профсоюзунун мыктысы” төш белгилери  жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Ошондой эле Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Кыргызстандын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн ” ардактуу төш белгиси менен төмөнкү кесиптик бирликтин төрагалары сыйланышты.

1.1. Тыныбекова Бактыгул Качиевна - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы;

1.2. Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич - Ысык-Көл областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы;

1.3. Эсенканова Татьяна Владимировна - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Москва райондук комитетинин төрайымы;

1.4. Бараханов Таалайбек Омурзакович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрайымынын орун басары, техникалык жана эмгекти коргоо боюнча инспектору;

1.5. Керималиев Келдибек Калканович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ат-Башы райондук комитетинин төрагасы;

1.6. Момошов Абдуалим Юнусалиевич  - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы;

1.7. Нышанов Кубанычбек Калдарович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы;

1.8. Адамалиев Акил Адамалиевич - КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин “Позиция профсоюза” социалдык-укуктук газетасынын редактору.
1.9. Абдыжапарова Рыстай Максутовна - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин төрайымы;

1.10. Табалдиев Зарылбек - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кочкор райондук комитетинин төрагасы;

1.11. Сыдыков Муратбек Акунович - Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Түп  райондук комитетинин төрагасы;

2. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн” ардактуу төш белгиси менен социалдык өнөктөштөр-Ош областынын Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Машрапова Гулайым Эгемназаровна жана Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асанкожоев Максат Жеңишович сыйланышты.

Жыйындын соңунда кутман курактары белгиленип жаткан кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларына куттуктоолор айтылып, баалуу белектер тапшырылды:

Тыныбекова Бактыгүл Качиевна - Чүй областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы (адресат,телевизор);

Момошов Абдуалим Юнусалиевич - Баткен областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы (адресат,телевизор);

Солпиев Нурбек Кеңешбекович - Талас областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бакай-Ата райондук комитетинин төрагасы (адресат,телевизор);

Сыдыков Муратбек Акунович - Ысык-Көл областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Түп райондук комитетинин төрагасы (адресат,телевизор);

Абдыжапарова Рыстай Максутовна - Талас областынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Айтматов райондук комитетинин төрайымы (адресат,телевизор);

Зайитов Абдилазиз Аппазович - Баткен областынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы; (адресат,телевизор);

Саттаров Апсамат Эрмаматович - Ош мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы; (адресат,телевизор).

Күн тартибиндеги каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып, пленум  иши жыйынтыкталды.

 

Пленумдун ФОТО-ОТЧЕТТОРУН төмөндөгү шилтеме  аркылуу көрө аласыздар.

http://tradeunion-ed.kg/ru/foto_otchet/kesiptik-birliktin-plenumu-2023.html

Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети