Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Окутуу-семинары уюштурулду

2024-жылдын 25-октябрында Жети-Өгүз  районундагы А. Рысмендеев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин базасында  райондогу  мектеп,  жана мектептен тышкаркы мекемелердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн окутуу- семинары өткөрүлдү.

Семинарга Кыргызстан кесиптик бирлик  Федерациясынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү К.Н.Курманалиев,  өкүлчүлүктүн юристи Ж.М.Жумабаев, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы М.Асанкожоев катышышып,  иш берүүчү болгон мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептен тышкаркы мекемелердин админстрациялары тарабынан баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен тыгыз иш жүргүзүлүп жаткандыгын, ошондой эле жаңылануу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы боюнча маалымат беришти.

Семинардын жүрүшүндө  Жети-Өгүз райондук билим берүү бѳлүмү жанакесиптик бирликтин райондук комитетинин кесиптик бирлик кыймылынын иштерин жакшыртуу жана иштѳѳсүнѳ шарт түзүү  боюнча биргелешкен иш аракеттери  жана Жети-Ɵгүз райондук мамлекеттик администрациясынын, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Ɵгүз райондук комитетинин жана Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн ортосундагы    2024-2026-жылдарга карата кабыл алынган келишимдин ар бир пункуту  менен кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы  Ө. Молдокматов тааныштырды.

Билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мектеп, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана айыл  өкмөттөрүнүн ортосундагы  2025-2027-жылдар үчүн  үч тараптуу келишимдерди  долбоорлору сунушталды.

Сунушталган  үч тараптуу келишим мурдагыдан айырмаланып 2023-жылдын август айында ишке киргизилген “КР Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайыкталды. Семинардык окууда  келишимдин ар бир пункуту боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Абдыкадырова тарабынан окулуп, талкууланды жана ар бир мекеменин иштөө өзгөчөлүктөрүнө жараша  сунушталып жаткан келишимдин долбооруна жеринде кошумча – алымча киргизүү боло тургандыгы айтылды.

Семинардын алкагында баштапкы кесиптик бирлик уюмдары ушул үч тараптуу келишимдерди долбоорун карап чыгып, келишимди түзүү боюнча  иш аракеттерди жүргүзүү тапшырмалары берилди.

Мындан сырткары   мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын төрага,төрайымдарынын отчёттук кайра шайлоо иштерине карата даярдыктарды көрүү боюнча усулдук жардамдар көрсөтүлдү.

Семинардын жүрүшүндө баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында кесиптик бирлик мүчөлөрү менен маданий-массалык иштерди уюштуруу  боюнча спорттук практикалык иштер көрсөтүлдү.

Семинардын алкагында  катышуучуларынан түзүлгөн командалар арасында спорттук таймаш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Соңунда Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жети-Ɵгүз райондук комитети тарабынан окутуу-семинарынын   катышуучулары үчүн  сый тамак уюштурулуп берилди.

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирлкитин  Жети-Өгүз райондук комитети