Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун VІІ Съезди

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун VІІ съезди Беларусь Республикасынын Минск шаарында 2023-жылдын 7-8 сентябрында болуп өттү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун VІІ съездине Беларусь, Россия, Азербайджан, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Таджикистан  Республикаларынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин тармактык коомдук уюмдарынан делегаттар катышып, акыркы 5 жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктарын  талкуулап, учурдагы көйгөйлөр боюнча меселерди карашып жана  келечекке  жаңы милдеттерди коюшту.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун  мүчөлөрү аткарыла турган иш-чараларды консолидациялоо максатында негизги маселелер боюнча, биринчи кезекте, билим берүүнүн коомдун демократиялык өнүгүүсүнө, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана маданий мурастарды өздөштүрүүсүнө багытталгандыгын камсыздоого басым жасоо менен бирге мугалимдердин татыктуу эмгек акысына, мугалимдерди социалдык жактан колдоого жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруу боюнча биргелешкен позицияны иштеп чыгышты.

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмуна мүчө болуп 9 өлкө кирет жана ал 2,5 миллиондон ашык билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрүн камтыйт.

“Билим берүү жана илим” Эл аралык профсоюз уюмунун төрайымы Г.Меркулова сөзүндө “Ар бир профсоюз уюму, кайсы өлкөдө иш алып барбасын, эмгек акы, пенсия, эмгекти коргоо, ошондой эле билим берүү программалары, спортту өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери алдыбызда тургандыгын жана ошого байланыштуу бул иштерди чогуу иштеп, бири-бирибизге жардам берүүгө аракет кылуу зарыл экендигине токтолду.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин эл аралык  уюмуна мүчө уюмдар иш менен камсыз кылуунун жана кайра даярдоонун улуттук программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга активдүү катышып, формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну кыскартууну талап кылышты жана  кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга ырааттуу  иштерди жүргүзүү керектигин белгилешти.  

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун VІІ съездине Кыргыз Республикасынын Билим жана  илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Догдурбек Назар катышышты.

Кыргыз Республикасынын Билим жана  илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Эл аралык уюмунун VІІ съездинин катышуучуларына  сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолуп өттү. «Биз үчүн мугалимдердин эмгек акысы жана социалдык абалын жакшыртуу күн тартибиндеги негизги маселе» - деп баса белгилөө менен тилекке каршы, мугалимдердин айлыгы көп убакытка чейин өтө төмөн бойдон калып, акырындык менен жогорулатуунун үстүндө иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жана азыркы учурда мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек акысы жогорулап, 400 долларга жетип калганы  ар бир мугалимди кубандырууда.

Кесиптик бирликтин приоритеттүү милдеттеринин бири “Жамааттык келишимдер” жана “Үч тараптуу келишимдердин” аткарылышы болуп саналат: ар бир уюмда жамааттык келишимдин болушу, анын жогорку деңгээлдеги келишимдерге ылайык келүүсүнө баа берүү, кызматкерлердин социалдык жана экономикалык жактан корголушуна стимул берет.

Билим жана  илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети мугалимдердин коомдогу бедели жана статусу үчүн күрөшүп,  мугалимдердин укуктарын коргоп келет. Биз канчалык кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоп, кызыкчылыктарын жактап жана социалдык абалдарын жакшыртсак, ошончолук биздин катарыбыз өсөт.

2023-2028-жылдарга чейин билим берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык, экономикалык, эмгек укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо боюнча кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү,  билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатты калыптандырууда профсоюздардын ролун жогорулатуу жана билим берүү системасын реформалоонун шартында кесиптик бирликтердин иш-аракеттеринин методдорун өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу максатында 2023-жылдын 11-сентябрында Беларусь Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрайымы Якубович Татьяна Романовна менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович келишимге кол коюшту.    

 

Съезддин делегаттары кийинки беш жылдыкка тыгыз кызматташтыктын программасын талкуулашты. Анда тажрыйба алмашуу, жаңы долбоорлор жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү пландашты. 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети