Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө"токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин эскертүүсүндө:

- 1-пунктта "жана атайын мектеп-интернаттардагы" деген сөздөр ", атайын мектеп-интернаттардагы, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттардагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. Жалпы типтеги мектеп-интернаттардын мугалимдеринин ставкасына эселөө коэффициенти билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги мугалимдин эселөө коэффициентинен 10 пайызга жогору белгиленет.";

2) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

3) жогоруда аталган токтомдун 9-тиркемесинде:

- аталышында мамлекеттик тилдеги "Мектепке чейинки" деген сөздөр "Мектептен тышкаркы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемесинде:

- 36-пунктта "1.551" деген цифралар "1.151" деген цифраларга алмаштырылсын;

5) жогоруда аталган токтомдун 15-тиркемесинде:

- 18-пункт "паспортист" деген сөздөн кийин ", ашпозчу" деген сөздөр менен толукталсын;

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү тутумунун мугалимдерине жана айрым категорияларына эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:

18-пунктта "эмгек акы ар бир негиз боюнча өзүнчө жогорулатылат" деген сөздөр "кызматкердин каалоосу боюнча алардын бирине үстөк акы төлөнөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24. Жеңүүчүнү жана байге ээлерин даярдаган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмунун мугалимине:

- эл аралык олимпиададан (эл аралык комитет тарабынан уюштурулган) жеңсе, төмөнкүлөр үчүн бир жолку төлөм жүргүзүлөт:

1-орун - 500000 сом;

2-орун - 300000 сом;

3-орун - 200000 сом;

- республикалык олимпиадада төмөнкүлөр үчүн окуу жылынын ичинде ай сайын төлөм жүргүзүлөт:

1-орун - 10000 сом;

2-орун - 7000 сом;

3-орун - 5000 сом.

Үстүдөгү окуу жылында республикалык олимпиаданын жеңүүчүсүн жана байге ээсин даярдаган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мугалимдерине төлөмдөр кийинки окуу жылында, 1-сентябрдан 29-майга чейин жүргүзүлүүсү зарыл.

Эгерде мугалимде олимпиадалардын жеңүүчүсүн жана байге ээсин даярдоо үчүн эки же андан көп төлөмдөрү болсо, мугалимдин каалоосу боюнча алардын бири үчүн төлөм жүргүзүлөт.";

26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Реабилитациялык топтору бар башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын директорлорунун, башкы бухгалтерлеринин, директордун социалдык жактан корголбогон контингент менен ишти тескеген орун басарынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти 20 адамга чейин контингенттеги тиешелүү кызматкерлердин тарифтик ставкасына (эмгек акысына) эселөө коэффициентинен 10 пайызга жогору жана контингенти 20 адамдан ашык болгондо 25 пайызга жогору белгиленет.

Жаза аткаруу мекемесиндеги башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик торчосуна (маянасына) жана окутуучулардын ставкасына эселөө коэффициенти башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын кызматкерлеринин жана окутуучулардын тарифтик торчосуна (маяналарына) жана ставкасына эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.";

28-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мугалимдерге дептер текшерүү үчүн кошумча акы белгиленет: кыргыз тили, кыргыз тили жана окуу, орус тили, орус тили жана окуу, өзбек тили, өзбек тили жана окуу, тажик тили, тажик тили жана окуу, чет тили, математика 1-4-класстарга; кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тажик тили, чет тили жана математика 5-11-класстарга.";

отуз тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

29-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин сааттык эмгек акысынын өлчөмү жумасына 16 сааттык окутуучулук иш үчүн белгиленген ставканы жана тарифтик ставканы (маянасын) 67,2 бөлүү жолу менен аныкталат; жумасына 18 сааттык педагогикалык иш үчүн - 75,6; жумасына 24 сааттык педагогикалык иш үчүн - 100,8; жумасына 30 сааттык педагогикалык жумуш үчүн - 126,0; жумасына 36 сааттык педагогикалык иш үчүн - 151,2.

1-мисал:

Адис квалификациясы менен жогорку билими бар жана мектепте алмаштыруу тартибинде тарых сабагынан берген кызматкердин сааттык эмгек акысынын өлчөмү:

2,268 (эселөө коэффициенти) х 7040 сом (минималдуу базалык ставка): 75,6 = 15967 сом : 75,6 = 211,2 сом = 211 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).

2-мисал:

Мектепке чейинки билим берүү уюмунда орто кесиптик билими бар жана тарбиячыны алмаштыруучу кызматкердин сааттык эмгек акысы төмөнкүлөрдү түзөт:

2,896 (эселөө коэффициенти) х 7040 сом (минималдуу базалык ставка): 151,2 = 20388 сом: 151,2 = 134,8 сом = 135 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерлерге саатына төлөө педагогикалык кызматкердин оорусу же башка себептер боюнча жок болгондорду алмаштыруу тартибинде берилген сааттар үчүн төлөөдө, ошондой эле педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине төлөөдө гана жол берилет.

Каникул убагында жана майрам күндөрү мугалимдин эмгек акысы сакталат.";

30-пункттун бешинчи абзацында "мугалимдердин" деген сөз "математика мугалимдеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Жалпы билим берүү уюмдарынын, реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун директорлорунун жана директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентин жогорулатууга байланыштуу чыгымдарды кошпогондо, ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине ушул токтомду ишке ашыруу үчүн 2023-жылы 185972,6 миң сом суммасында акча каражаттарын бөлсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-августундагы № 69 (3518) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров

Тиркеме

"8-тиркеме

 

Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана
аталыштагы мектептердин жана мектеп-интернаттардын, балдар
үйлөрүнүн), реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана
үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун, маданият
жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин
жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына)
эселөө коэффициенти

 

Окуучулардын (тарбиялануучулардын) саны боюнча жалпы билим берүү уюмдары

Тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти

Директор

Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары

Директордун башка орун басарлары, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу

1

100гө чейин

2,493

2,244

1,413

2

100дөн 600гө чейин

2,843

2,559

1,611

3

600дөн 1200ге чейин

3,192

2,873

1,808

4

1200дөн 1800гө чейин

3,540

3,186

2,006

5

1800дөн жогору

3,890

3,501

2,204

 

Эскертүү:

  1. Тарифтик ставканы (маянаны) аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуган окуучулардын (тарбиялануучулардын) контингенти эске алынат.
  2. Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда, реабилитациялоо, балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунда келип окуган окуучулардын контингенти 0,5 коэффициент менен эске алынат.
  3. Балдар үйлөрүнүн, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын директорунун, директордун орун басарларынын, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулардын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери тийиштүү жалпы билим берүүчү уюмдардын директорлорунун, директордун орун басарларынын, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучуларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
  4. Маданият жана искусство балдар мектептеринде жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентин аныктоодо окуган балдардын контингенти 10 коэффициент менен эске алынат.".