Айжан

#1013 Дата: 06.02.21, 17:44:08
Oтвeт:
Гуля

#1012 Дата: 04.02.21, 03:32:40
Oтвeт:
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү КР ЭК 307-статьясына ылайык төрөткө чейин 70 календардык күнгө, төрөттөн кийин 56 календардык күн 126 календардык кунгө(төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө-70) 140 календардык кун чыга алат. Ал эми бийик тоолуу шарттарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгыц 140 календардык күнгө (Жумгалда), төрөтү оор болгондо 156 календардык кунгө берилет.
Арстанбек

#1011 Дата: 02.02.21, 07:43:27
Oтвeт:
сиздин берген суроо боюнча кесиптик лицейдин кароолчусунун 3750 сом айлык акысына кошумча КР ЭК 169-статьясына ылайык түнкү убактагы жумуштун ар бир саатына эмгек акы жогорулатылган өлчөмдө, бирок бир жарым эседен кем төлөнөт (Түнкү 22.00 дөн эртең мененки 06.00 гө чейин убакыт түнкү убакытка кирет). Андан тышкары КР ЭК 175-статьясына ылайык дем алыш жана жумуш эмес майрам кундөрдөгү жумушка эки эседен кем эмес акы төлөнөт. Дем алыш же жумуш эмес майрам кунү иштеген кызматкердин каалоосу боюнча ага башка күнү дем алыш берилиши мүмкүн. Мындай учурда жумуш эмес майрам кунгө бир эсе өлчөмдө акы төлөнөт, ал эми эс алган кунгө акы төлөнбөйт.
tradeunion

#1010 Дата: 29.01.21, 10:02:38
Oтвeт:
Ооба, КР ББжИМ 05.01.2018-жылы “Жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин (мугалимдеринин) жумалык окуу жүктөмдөрүн бөлүштүрүүнун тартиби жөнундө” №3/1 буйругунун №1 тиркемесинде берилген мугалимдердин преметтик жумалык жүктөмдөрүнүн эң төмөнкү чеги ошол таблицадагы саатардан төмөн болбошу керек, андан жогору болсо руксат берилет дегенди түшүндүрөт. Мисалы, башталгыч 1-класстын мугалими 13 саатан, 2-класстын мугалими 15 саатан, 4-класстын мугалими 16 саатан төмөн болбошу керек, иш жүзундө башталгыч класстын мугалимдеринин саатары андан көбүрөөк аларга министрликтин буйругу руксат берет, башталгыч класстын сааттарын эки-үч мугалимге бөлүштүрүүгө болбойт. Мектеп директорлорунун мындай аракети туура эмес. Министрликтин буйругу бир мектепте 2 предметтик мугалим иштей турган саатка 3-4 мугалимди жумушка алып, 5-6 сааттан бөлүштүрүп, аз маяна төлөөгө бөгөт коюу максатында чыккан, ошондуктан эң төмөнкү чектен жогору сааттарды тарификациялоого министрликтин буйругу руксат берет.
tradeunion

#1009 Дата: 29.01.21, 10:00:38
Oтвeт:
Зыяндуу шартта иштеген мугалимдерге, кенже тейлөөчү кызматкерлерге кошумча төлөмдөр КР Өкмөтунүн 27-04.17-жылдагы №258 токтому менен бекиткен “Оор жумуштарда жана зыяндуу эмгек шартында иштегендерге кошумча төлөмдөрдү белгилөөнун тартиби жөнундө” жобого ылайык иш берүүчү өзүнүн эмгек акы фондусунун эсебинен төлөйт. Биринчиден Профсоюздун Сузак райкомунун бюджетинен ошол мектептин профкомуна бөлунгөн акча каражатынан төлөп берүү мыйзамсыз, экинчиден оор жана зыяндуу шартта иштегендерге төлөм жүргүзүү райкомдун сметасында каралган эмес, профсоюздун ишмердүүлү боюнча уставдык талаптарына жана КР Өкмөтунун №258 токтомуна карама-каршы келет. Ошондуктан профсоюздун Сузак райкомунун президиумунун 15.01.21-жылдагы токтому мыйзамсыз болгондуктан профсоюздун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан жокко чыгарылууга жатат.
tradeunion

#1008 Дата: 29.01.21, 09:59:19
Oтвeт:
КР Өкмөтунун 31.05.11-жылдагы №270 токтому менен бекитилген “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнун тартиби жөнундө” Нускама 30.09.2019-жылдагы №511токтомуна өзгөртүүлөргө ылайык дем берүүчү эмгек акынын коэффициентин эсептөөдө ошол мектептин жылдык эмгек акы фондусунун 10% бөлунөт, аны ошол мектеп 4 кварталга бөлуп төлөп бериши керек.Дем берүүчү эмгек акы фонду төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт. 75% кем эмеси - педагогикалык персоналды берилиши керек, 25% ашык эмеси - администрациялык-башкаруу, чарбалык жана көмөкчү персоналдарга берилиши керек. Мугалимдердин иштеген ишине жараша эксперттик комиссия баллдык көрсөткучтөрдү бекитип берет.
Сиздер айткан ай сайын айлык акынын 3 айлык суммасынын 10% деген көрсөткүч туура эмес.
Сиздер айткан ай сайын айлык акынын 3 айлык суммасынын 10% деген көрсөткүч туура эмес.
Бактыбек

#1007 Дата: 24.01.21, 08:08:38
Oтвeт:
Кесиптик орто окуу жайларынын жетекчилиги, окутуучулары үчүн жаштары боюнча жогорку чеги бир дагы укуктук-ченемдик актыларда белгиленген эмес.
Чынгыз

#1006 Дата: 22.01.21, 16:33:18
Oтвeт:
Исанов атындагы КГУСТА 18.09.20-жылдагы №А/9 буйругу менен студенттер айына жатакана үчүн 700 сомдон төлөйт, жатакана үчүн коюлган баалар КГУСТА буйругу менен жылыга белгиленип, бекитилип турат.
Чынгыз

#1005 Дата: 22.01.21, 14:59:46
Oтвeт:
жатакана тууралуу бардык маселелерди КГУСТА жетекчилиги өзүнүн чечимдери менен жыл сайын белгилейт, мүмкүн быйылкы жылы COVID-19 карата өзүнчө буйрук чыгарышы мүмкүн, ошондуктан жетекчиликке кайрылсаңар болот.
#1014 Дата: 08.02.21, 05:03:36
Oтвeт: