Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 18-сентябры №434

Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетини 2021-жылдын 26 августундагы №152 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чектеринде төлөсүн;

- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-июлундагы № 300 "Убактылуу ишке жарамсыздыгы боюнча пособиелерди, кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиелерди, сөөк коюуга пособиелерди төлөөлөрдү жана ден соолук чыңдоо иш-чараларын каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-апрелиндеги № 308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 "Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 2-октябрындагы №82 жарыяланды

 

Төрага

                                                                                      У. А. Марипов

 

Жүктөп алуу: Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

Скачать: ПОЛОЖЕНИЕ о порядке предоставления пособия по временной нетрудоспособности, пособия по беременности и родам