ТӨРАГА - ТОКТОГУЛОВ АСЫЛБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ
Фамилиясы, аты, атасынын аты: Токтогулов Асылбек Токтогулович
Ээлеген кызматы: Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы.
Туулган күнү, айы, жылы: 20-июнь 1954-жыл.
Туулган жери: Нарын областынын Кочкор районунун Чолпон айылы.
Улуту: Кыргыз.
Жарандыгы: Кыргыз Республикасынын жараны.
Билими: Жогорку, Кыргыз Улуттук университети, 1977-ж.
Адистиги: физик.
Илимий даража, илимий наам: педагогика илимдеринин кандидаты.
Илимий иштери жана ойлоп табуулары: 1 монография, 45тен ашык илимий публикация жана илимий-методикалык адабияттар, 20дан ашык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү үчүн методикалык колдонмолору бар. 20дан ашык илимий басылмалары жана илимий-методикалык адабияттары бар.
Тилдерди билүүсү: эне тили-кыргыз, орус тилин жетиштүү билет.
Эмгек жолу:
1) 08.1977-11.1977-ж. Кыргыз Улуттук университети, өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасы – инженер;
2) 01.1978-07.1978-ж. №18 кесиптик окуу жайы – физика мугалими;
3) 07.1978-11.1979-ж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы – кенже илимий кызматкер;
4) 11.1979-10.1981-ж. Кант районунун Серафимовка орто мектеби – физика мугалими;
5) 10.1981-09.1985-ж. Кант районунун К.Маликов атындагы орто мектеби – директор;
6) 09.1985-10.1988-ж. Ысык - Ата райондук билим берүү бөлүмү – башчы;
7) 10.1988- 04.1990-ж. № 5 республикалык жатак-мектеби – директор;
8) 04.1990- 04.1993-ж. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы – башчы;
9) 05.1993-06.1998-ж. Республикалык кесиптик-техникалык билим берүү илимий-усулдук борбору – директор;
10) 06.1998-01.1999-ж. КР эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кесиптик-техникалык билим берүү башкы башкармалыгы – начальник;
11) 03.1999-09.2000-ж. КР билим берүү жана илим министрлигинин жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү департаменти – начальник;
12) 09.2000-азыркы убакка чейин Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети – төрага;
13) 2012-2015-ж.ж. Кыргызстан профсоюздар федерациясы - төрага (айкалыштыруу менен)
Коомдук ишмердиги:
1) 1983-1985-ж.ж. Логвиненко айылдык кеңеши – айыл кеңешинин депутаты;
2) 1985-1988-ж.ж. Ысык-Ата райондук кеңеши – райондук кеңештин депутаты;
3) 1990-1996-ж.ж. Бишкек шаардык кеңеши – шаардык кеңештин депутаты.
Стажировкалар: АКШ (1994-ж.), Германия (1998-ж.), Түркия (1999-ж.).
Сыйлыктары:
1. Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы.
2. Төш белгилери: «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги», «Кыргызстан профсоюздарынын алдындагы сиңирген эмгеги үчүн».
3. Ардак грамоталары: КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги.
4. Эл аралык сыйлыктары: Бүткүл дүйнөлүк профсоюздар конфедерациясынын “Профсоюз кыймылына сиңирген эмгеги үчүн” ардак күмүш белгиси, Эл аралык билим берүү уюмунун (Брюссель шаары) медалы, Эл аралык профсоюздар бирикмесинин (Москва шаары) Ардак грамотасы, «Эл аралык профсоюздук кыймылды өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн” медалы (Казахстан).
5. Илимий наамдары: КРнын 9 мамлекеттик университеттеринин ардактуу профессору.
Үй-бүлөлүк шарты: үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.
А.Т. Токтогулов 1954-жылы Нарын областынын Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. 1970-жылы айылдагы орто мектепти аяктап, бир жыл “Чолпон” совхозунда жумушчу болуп иштеген.
1971-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетине тапшырып, окуу жайын 1977-жылы бүтүргөн.
Эмгек жолун КМУну аяктаар менен ошол эле окуу жайынын өсүмдүктөрдүн физиологиясы кафедрасында инженер болуп иштөө менен баштаган. 01.1978-ж.- 07.1978-ж.-Фрунзе шаарындагы № 18 кесипчилик-техникалык окуу жайында мугалим, 07.1978-ж.-11.1979-ж.- Кыргыз ССР илимдер академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштеген.
Андан соң А.Т.Токтогулов өмүрүнүн 22 жылын үзгүлтүксүз билим берүү системасында иштөөгө арнады. 11.1979-ж.-10.1981-ж. Чүй областынын Кант районундагы Серафимовка орто мектебинде мугалим болуп иштегенден кийин 10.1981-ж.-09.1985-ж. Чүй областынын Кант районундагы Кубанычбек Маликов атындагы орто мектебинде директорлук кызматты аркалаган. 1985-жылы сентябрь айында Чүй областынын Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына көтөрүлүп, бул жооптуу жана түйшүктүү кызматта 1988-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Андан кийин Кыргыз ССР элге билим берүү министрлигинин жетекчилиги А.Т.Токтогуловду республиканын борборундагы атактуу № 5 республикалык жатак мектепти жетектөөгө жиберишет, такшалган педагог бул мектепти 1990-жылдын апрель айына чейин жетектеп келген. Фрунзе шаарынын партиялык жана советтик жетекчилиги тарабынан А.Т.Токтогулов мыкты уюштуруучу катары таанылып, ордо калаанын билим берүү башкармалыгынын начальниги кызматына көтөрүлөт жана бул башкармалыкты 3 жыл башкарат.
А.Т.Токтогулов республиканын кесиптик-техникалык билим берүү системасына олуттуу салым кошкон жетекчилердин бири болуп саналат. Өлкөбүз өз алдынча мамлекет катары кадам шилтеген убакта бул тармактын рынок мамилелеринин шартында иш алып баруусуна зор салым кошуп, 1993-жылдан 1998-жылга чейин Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү боюнча республикалык илимий-усулдук борборунун директору, андан соң Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү боюнча башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Андан кийин ал Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү департаментинин директору болуп дайындалат жана ал кызматты 2000-жылдын октябрь айына чейин аткарат.
Ал билим берүү тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген жылдары жалпы орто жана кесиптик-техникалык билим берүү системаларын өнүктүрүүгө зор салым кошкондугун сыймык менен белгилөөгө болот. Ал жетектеген убакта Бишкек шаарындагы № 5 республикалык жатак мектеп өлкөдө биринчи жолу гимназия статусун алган, анын жетекчилиги менен алгачкы кесиптик-техникалык билим берүүнүн Концепциясы иштелип чыккан жана кесиптик даярдоонун стандарты киргизилген. Ал ошондой эле бир катар мамлекеттик окутуу стандарттарынын, базистик окуу пландарынын жана мамлекеттик программалардын автору болуп саналат.
2000-жылдан тартып А.Т.Токтогулов эмгек жолун республикадагы эң ири коомдук уюм болуп саналган профсоюздук жетекчилик кызматтарда улантып келе жатат. Ал 2000-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун III съездинде республиканын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы болуп шайланган, 2005-, 2010- жана 2015-жылдары тармактык профсоюздун IV, V, VI съезддеринде бул кызматка кайрадан шайланган.
А.Т.Токтогулов республиканын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы болуп иштегенден бери тармактын профсоюздук кыймылынын жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келатат, мугалимдердин, окутуучулардын жана тармактын кызматкерлеринин эмгектик укуктарын жана социалдык кызыкчылыктарын коргоого көп күч жумшап жатат, жакынкы өлкөлөрдүн профсоюз уюмдары жана эл аралык профсоюз кыймылы менен тыгыз байланыш түзүүгө жетишти.
Анын жетекчилиги менен тармактык профсоюздун ишмердиги жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлдү, профсоюздук ишмердикти өркүндөтүүгө, профсоюздун ролун жана кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иштин заманбап түрлөрү жана ыкмалары киргизилди. Борбордук Комитеттин көчмө пленумдарын жана президиумдарынын жыйындарын республиканын ар кыл аймактарында мамлекеттик жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, билим берүү башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, ЖОЖ ректорлорунун катышуулары менен өткөрүү практикасын киргизди жана бул социалдык өнөктөштүктү өркүндөтүүгө зор таасирин тийгизип келүүдө.
А.Т.Токтогуловдун демилгеси менен жер-жерлердеги профсоюз мүчөлөрүнө укуктук жардам берүү максатында 2001-жылы тармактык профсоюздун “Позиция профсоюза” газетасы уюштурулган жана ал басылма 15 жылга чукул убакыттан бери билим берүү тармагынын кызматкерлеринин гана эмес, башка тармактардын кызматкерлеринин дагы сүйүп окуган газетасына айланды. Ошондой эле А.Т.Токтогулов тармактык профсоюздун эң башкы сыйлыгы болуп саналган “Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын мыктысы” төш белгисин, ар жыл сайын эң мыкты профсоюздук активге “Жылдын Бакайы”, “Жылдын Даткасы”, “Жылдын Мырзасы”, “Жылдын Айымы” Ардак наамдарын ыйгаруунун демилгечиси болуп саналат.
Ал айрыкча акыркы жылдарда билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга зор аракеттерди көрүп келе жатат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөт жана тармактык министрлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүлөрдүн жана ар тараптан терең талданган сунуштарды киргизүүлөрдүн натыйжасында 2011-жылы билим берүү системасында эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттары киргизилип, тармактын кызматкерлеринин айлык акылары бир кыйла көтөрүлгөн. Ал эми ушундай алгылыктуу аракеттерден улам 2015-жылы билим берүү тармагында эмгек акы 50 пайызга жогорулады.
Ал 1999-жылдан бери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү болуу менен бул тармактардын укуктук жана ченемдик актыларынын иштелип чыгышына активдүү катышып, республиканын билим берүү системасын реформалоого жана өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келе жатат. А.Т.Токтогулов “Мугалимдин статусу жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарды иштеп чыккан авторлордун бири болуп саналат.
А.Т.Токтогулов 2012-жылдан 2015-жылга чейин Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болуп иштеген. Ал бул кызматта дагы мыкты уюштуруучу жана ишкер жетекчи экендигин көрсөтүп келген. Республиканын профсоюздук кыймылын мезгил талабына жараша жаңы бийиктиктерге чыгара алды, эл аралык профсоюздук кыймылдын мүчөлөрү менен байланышты чыңдоого жетишкен. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Башкы келишим түзүүгө жана ага кол коюуга жетишкен. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөт, министрликтер жана ведомстволор менен тыкыз байланыштарды түзгөн. Федерациянын окуу борборун жогорку окуу жайына айландыруунун башында туруп – ал социалдык мамилелердин эмгек академиясы катары ачылып, ушул кезге чейин иштеп жатат. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Жаңы багыт” журналын уюштурган.
А.Т.Токтогулов эл ишенимине ээ болгон депутаттык мандаттарга да ээ болгон: 1983-ж.-1985-ж. Кант районундагы Логвиненко айылдык, 1985-ж.-1988-ж. Ысык-Ата райондук, 1990-ж.-1996-ж. Бишкек шаардык Кеңештеринин депутаты болуп шайланган.
А.Т.Токтогулов көп жылдык үзүрлүү жана жемиштүү эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик, эл аралык жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун мыктысы, Кыргызстан профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн төш белгилери, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Ардак грамоталары бар.
Ал бир катар эл аралык сыйлыктарга арзыган. А.Т.Токтогулов Эл аралык Билим берүү Уюмунун (Брюссель шаары) медалы, Профсоюздардын Жалпы Конфедерациясынын “Профсоюздук кыймылга сиңирген эмгеги үчүн” Ардактуу күмүш белгиси, Казакстан Республикасынын профсоюз кыймылынын медалы, Профсоюздардын Эл аралык бирикмесинин (Москва шаары) Ардак грамотасы менен сыйланган.
А.Т.Токтогулов Баткен мамлекеттик университетинин, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору болуп саналат.
А.Т.Токтогулов илимий иштердин үстүндө дайыма иштеп келет. 2001-жылы педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү жактаган. 20дан ашык илимий эмгектердин жана илимий-усулдук адабияттардын автору жана бир нече эмгектерге авторлош болуп саналат. Бардык илимий эмгектери билим берүү системасында колдонулуп келатат. Ал АКШ, Германия жана Турция өлкөлөрүндө стажировкалардан өткөн.