Жылдыз
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#12 Дата: 18.04.23, 08:03:05
Oтвeт:
Саламатсыз, мындай болушу мумкун эмес, толонуш керек. 1 ставка менен иштеген жетекчиликке, тарбиялык иштер боюнча уюштуруучуларга 9 саат уруксат берилип ошондо жалпы 1.5 ставка болуп төлөнөт.
Айгерим
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#13 Дата: 16.04.23, 06:25:40
Oтвeт:
Саламатсыз, Сиз каникул мезгилинде эмгек өргүүдө болсонуз анда кош бойлуулук боюнча өргүүгө чыккан күндөн баштап эмгек өргүүнүз токтоп кош бойлуулук боюнча өргүү башталат. Кош бойлуулук боюнча өргүүнүз аяктаган сон кайрадан эмгек өргүүнүз уланат.
Бегимай
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#14 Дата: 13.04.23, 10:23:37
Oтвeт:
Саламатсыз азырынча кош бойлуулук боюнча жөлөкпулдун көбөйүшү жөнүндө расмий маалымат жок.
Штатты кыскартуу, кызматкерлерди башка кызматка которуу укугу иш берүүчүдө. Бирок, эгерде кызматкер кош бойлуулук боюнча өргүүдө жүргөн учурда ал кызматкердин орду сакталат жана анын макулдугусуз эч кандай чечимдер кабыл алынбайт.

Элмира
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#15 Дата: 05.04.23, 03:41:48
Oтвeт:
Саламатсызбы, Сиз кайрадан эле өзүнүздүн негизги жумушка каалаган учурунузда кайтып барып иштесениз мыйзам чегинде болот, анткени Сиздин иш орудунуз сакталып турат. Бул учурда башка жумушка чыгуунун кажети жок.
Мээрим
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#16 Дата: 01.04.23, 17:33:59
Oтвeт:
Саламатсызбы, негизи бул акчаларды бир эле учурда чогуу алышыныз керек эле, бирок эгерде бухгалтерия бөлүп төлөгөн болсо анда албетте азыр калган сумманы алууга толук укугунуз бар. Бухгалтерия менен такташыныз.
Аида Жыргалбек кызы
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#17 Дата: 31.03.23, 07:06:24
Oтвeт:
Саламатсызбы Аида, КР Эмгек кодексинин 167-статьясында «негизги жумушунан бошотулбастан кошумча жумуш аткарган кызматкерге айкалыштыргандыгы же убактылуу жок кызматкердин милдетин аткаргандыгы үчүн 30% кем эмес айлык акы төлөнүп берилиши керек» -деп берилген. Буга ылайык Сизге эмгек акы сөссүз төлөнүшү керек жана мидетин аткаруучу болгон учурду жазуунун кажети жок.
майрамбек
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#18 Дата: 29.03.23, 10:22:20
Oтвeт:
Айзада
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#19 Дата: 29.03.23, 06:37:49
Oтвeт:
Саламатсызбы, эсинизге, КР Эмгек кодексинин негизинде кош- бойлуулук жана төрөт боюнча эмгек өргүүгө кеткен кызматкерди бошотууга мүмкүн эмес, ошондуктан сураныч бизге кызматкериниз канча баланы төрөдү жана канча жылга эмгек өргүүгө кеткендиги жөнүндө так маалымат бериниз.
Сталбекова Фатима
![Комментарий](assets/snippets/jot/templates/comment.gif)
#20 Дата: 29.03.23, 05:39:32
Oтвeт:
Саламатчылык, Сиз декреттик өргүү бүткөндөн кийин каалаган учурда кайрадан жумушка чыга аласыз, 9 ай отуруш керек деген буйрук жок, директор адашып жатат.
#11 Дата: 18.04.23, 09:00:51
Oтвeт: