Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бир мектепте 50 жыл

        Кемин районунундагы  Сурантаев атындагы Кемин № 2 орто  мектебинде 50 жыл мугалимдик кесипти аркалап келген англис тил мугалими Нагайник Любовь Федоровна бир мектепте 50 жыл иштеген эмгегин бааланды.  Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин демилгеси менен  мугалимдер жамаатынын жана  Любовь Федоровна окуткан окуучуларынын жардамы менен мектепте  чон маараке өткөрүлдү. Мааракеге Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева  Кемин районунун мектеп жетекчилери жана көптөгөн коноктор чакырылды. Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун атынан А.Т.Чылабаева сөз суйлөп, Нагайник Любовь Федоровнага акчалай сыйлык жана көп жылдык эмгеги үчүн Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин  Ардак Грамотасын тапшырды.Мааракеге карата мектеп окуучуларынын күчү менен даярдалган чоӊ концерттик программа тартууланды. Майрамдын акырында Нагайник Любовь Федоровна Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун жетекчилигине, мектеп иштеген мектептин администрациясына тереӊ ыраазычылык билдирди.