Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Основные разделы

Балдарга камкордук

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык, райондук жана шаардык комитеттери тарабынан билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн жайкы эс алуу лагерлери уюштурулууда. 2024-жылдын 16-июлунда Баткен районунун Алмалуу капчыгайында жайгашкан "Алтын-Бешик" балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин жана областтык гимназия-жатак мектебинде эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн жайкы эс алуу лагеринин расмий ачылышы болду. Ага Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Баткен облусундагы өкүлү Х. Айкынов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин төрагасы З. Бөтөков, Баткен райондук комитеттин төрагасы А. Зайитов катышты. Ачылыш аземинде балдар үчүн чоң программадагы иш чара көрсөтүлдү. Эс алып жаткан таланттуу балдар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, иш чаранын көркүн ачты.

         Иш чарага катышкан кесиптик бирликтин жетекчилери балдарга мындан ары да ар тараптан колдоо көрсөтүлөрүн баса белгилеп, балдарга көңүлдүү эс алуу каалашты. Ушундай эле балдардын эс алуу лагерлери билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн Лейлек районундагы "Алтын-Бешик" балдардын эс алуу лагеринде да уюштурулуп, Лейлек районунан 160 бала, Сүлүктү шаарынан 15 бала эс алып келишти. Кызыл-Кыя шаарынан да 17 бала Ноокат районундагы "Чынгараев" эс алуу лагерине барып эс алышты. Баткен мамлекеттик университетинен 20 бала Кайыңды айылындагы "Дары булак" эс алуу лагеринде эс алышты. Ушундай эле эс алуу лагерлери башка район, шаарларда да уюштурулмакчы.