Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

rus

Селден жапа чеккендерге жардам

2024-жылдын 10-11-июль күндөрү жааган нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон селден Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айылдарынын жашоочулары бир топ матермалдык зыянга дуушар болуп, жапа чегишти. Алардын арасында А. Жайнаков атындагы орто мектептин мугалимдери Г. Даабекова, Г. Гаипова, Ж. Момунов атындагы орто мектептин мугалими Б. Авилкасимова, С. Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинин мугалими С. Көчөрова бар. Тилсиз жоо алардын короо-сарайларын бузуп, кырмандагы өрүктөрүн агызып кеткен.

         Үстүбүздөгү жылдын 17-июлундагы селдин кесепетинен жапа чеккен педагогикалык кызматкерлерден Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Баткен облусундагы өкүлү Х. Айкынов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин төрагасы З. Бөтөков, райондук комитеттин төрагасы А. Зайитов жеринен кабар алып, материалдык жардам көрсөтүштү.

         Селден жапа чеккен педагогикалык кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү мектеп жетекчилерине, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук жана райондук комитеттерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик

                                               бирлигинин Баткен райондук комитети