Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

rus

Селден жапа чеккендерге жардам

Үстүбүздөгү жылдын 10-июль күнү жааган нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон селден Баткен районунун Ак-Татыр айылынын жашоочулары бир топ матермалдык зыянга дуушар болуп, жапа чегишкендиктери жөнүндө кабар массалык маалымат каражаттары аркылуу жалпыга маалым болгон. Алардын арасында билим берүү кызматкерлери да бар. Буга чейин түшкөн маалыматка ылайык, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети төрт кызматкерге жерине барып жардам берген болчу. 2024-жылдын 23-июлунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин төрагасы З. Бөтөков, райондук комитеттин төрагасы А. Зайитов селден жапа чеккен кызматкерлерден кабар алып, Т. Садыков атындагы орто мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун токтомуна ылайык, аталган мектептин 8 кызматкерине жана Ж. Момунов атындагы орто мектептин бир кызматкерине материалдык жардам көрсөтүштү. Тилсиз жоо алардын короо-сарайларын бузуп, бир топ зыян келтирген.

         Селден жапа чеккен педагогикалык кызматкерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, мектеп жетекчилери билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук жана райондук комитеттерине терең ыраазылыктарын билдиришти.