Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

rus

Так, дайындуу милдеттер аныкталды

КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович 20024-жылдын 19-июлунда Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Р. Мамбеталиев, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Мамбетова, Ысык-Көл райондук кесиптик бирлик уюмунун төрагасы Э. Курманбаев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын коргоо, социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртуу жана учурдагы жайкы эс алууларын талаптагыдай уюштуруу, натыйжалуу өткөрүү маселелери талкууланып, конкреттүү милдеттер, ыкчам чечүүнү талап кылган көйгөйлөр аныкталды.

Андан кийин төрага райондук кесиптик бирлик уюмунун иши менен дыкат таанышып чыкты. Натыйжада, кесиптик бирликтин райондук уюмунун ишиндеги кемчиликтер ачык белгиленип, аларды жоюнун дайындуу мөөнөттөрү аныкталып, чечкиндүү талаптар коюлду. Биринчи кезекте райондук мамлекеттик администрация, райондук элге билим берүү бөлүмү менен райондук кесиптик бирликтин ортосундагы үч тараптуу келишимди тез арада иштеп чыгып, кол коюу жана талаптагадай иштиктүү жүзөгө ашыруу тапшырмасы берилди.