Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Основные разделы

Төрага “Кызыл гвоздикада” болду

 

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович өткөн аптада – 2 – 4-августа Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы “Кызыл Гвоздика” эс алуу борборунда болуп, республикабыздын билим берүү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын жайкы эс алуусунун жүрүшү менен жеринде таанышып, эс алып жаткан билим берүү кызматкерлери менен жолугушту.

Эс алуу борборунда ушул тапта Сокулук районунан келишкен 90 мугалим эс алууда. Алар А. Султанбаев менен болгон жолугушууда көрүлгөн камкордук, түзүлгөн ыңгайлуу шарттар үчүн кесиптик бирликтин Борбордук комитетине терең ыраазылыктарын билдиришти. Эс алуу борборунда ушул күнгө чейин 1000ден ашуун мугалимдер жайкы эс алууларын жагымдуу өткөрүп кетүүгө үлгүрүшкөн. Жайкы сезондо 2000 педагог-мугалимдер жана билим берүү уюмдарынын башка кызматчылары эс алышмакчы. Мындан тышкары, жүздөгөн педагог-мугалдимдер – кесиптик бирликтин мүчөлөрү “Илим”, “Санат”, “Манас” аэропорту, “Арстанбап”, “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана башка жайларда жайкы эс алууларын талаптагыдай өткөрүп жатышат.

Ошондой эле А. Султанбаев эс алуучулар менен жолугушууда Борбордук Комитеттин кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын жактоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жаатында кеңири маалымат берди. Эс алуучуларды кызыктырган суроолорго дагы толук ынанымдуу жооптор айтылды.

Өз ара пайдалуу, иштиктүү маанайда өткөн жолугушуудан кийин А. Султанбаев Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен дагы жолугушуп, өз ара кызматташууну жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн социалдык өнөктөштөр катары кызматташтыкты жандандырып, жакшыртуу жаатында бир пикирге келишти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети.