Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Новости и события

Москва шаарында «Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу» деген темада семинар-окуу өткөрүлдү

Москва шаарында «Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу» деген темада семинар-окуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын тармактык профсоюздардын Борбордук комитеттеринен 12 техникалык эмгек инсекторлору жана 3 аймактык комитеттердин инспектору болуп ФНПРдын Москва шаарындагы Эмгек жана социалдык мамилелер Академиясынын базасында МОТтун каржылоосу менен 5 күндүк окуу-семинары өткөрүлдү. 13-майда окуу-семинардын ачылышында Академиянын алдындагы институттун вице-президенти Демидова Светлана Евгеньевна, профсоюздук билим берүүнү өнүктүрүү борборунун жетекчиси Соболева Светлана Анатольевналар сөз сүйлөштү.

 20.05.2019      11       Информационный бюллетень

Ноокенде “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокенде  “Жылдын  мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын райондук туру 35 критерий боюнча каралып, анда 9 айыл өкмөтүнөн бирден эң мыкты деп табылган мектептер катышышты. Алар: № 3 Р. Алибаев, № 4 А. Сатаров, №9 Паяз, №18 Молдалиев, №21 “Фуркат”, № 34 “Жазгак”, № 36 М. Мамаев, Н.Исанов атындагы орто мектептери катышышты. Жыйынтыгында баш байге № 36 М. Мамаев атындагы орто мектеби, I орун №21 “Фуркат” орто мектеби, II орун № 34 “Жазгак”, № 3 Р.Алибаев атындагы орто мектептери, III орун № 9 Паяз атындагы орто мектеби ээ болушту. Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом , Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 20.05.2019      4       Профсоюз в регионах

Баткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы Б.Акматов атындагы орто мектебинде «Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо: мыйзамдуулук, тажрыйбалар, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» деген темада семинар болуп өттү. Семинардын максаты “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо, коопсуздук-техникалык эрежелерин камсыз кылууда жетекчилеринин жана кесиптик бирлик уюмдарынын биргеликте жүргүзүлүүчү иштерин уюштуруу.

 20.05.2019      8       Профсоюз в регионах

“Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы”

 “Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы”

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата Тогуз-Торо районундагы айыл өкмөттөрү жана мекеме-ишканалар арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы” аттуу кароо сынакка район боюнча 10 команда катышты. Жыйынтыгы 2019-жылдын 17-майында чыгарылып,мыкты даярдыктарды көрсөткөн үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн “Таберик” командасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын II даражадыгы диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.

 20.05.2019      6       Профсоюз в регионах

“Көп окуган көптү билет”

“Көп окуган көптү билет”

Лейлек районунун Кулунда айыл аймагына караштуу И.Раззаков атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 14-май күнү “Көп окуган көптү билет” аттуу “Келгиле окуйбуз” долбоорунун регионалдык жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Иш чарага райондон 5 мектеп “Лайли” башталгыч мектебинен, Бел-Алма орто мектебинен жана З.Бабур, А.Момунов атындагы орто мектептеринен келген окуучулар, мугалимдер, ата-энелер катышышты. Бул долбоордун максаты окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомчулук, ата-энелер менен иш алып барууну күчөтүү болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө мектептер арасында таймаш өткөрүлүп, жыйынтыгында И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы жеңүүчү аталды. Катышкан мектептердин мугалимдерине райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

 20.05.2019      7       Профсоюз в регионах

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №3-4(189-190) Май, 2019

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №3-4(189-190) Май, 2019

В Центральном Комитете состоялось встреча председателя ЦКП Асылбека Токтогулова с профсоюзной молодежью Ошского государственного университета. Делегация молодежи состояла из 18 человек во главе с заместителем председателя объединенного профкома ОшГУ по работе со студентами Орозали уулу Бектурсуном.

 17.05.2019      63       Газета "Позиция профсоюза"

Ардагерлерге урмат сый көрсөтүлдү

Ардагерлерге  урмат сый көрсөтүлдү

Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын жыйындар залында 16-май 2019-жылы Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын профсоюздук кыймылынын Ардагерлер Кеӊешинин төрайымы Исхакова Зулайха Токталиевна тарабынан профсоюздун ар бир тармагында, тармактык профсоюзда иштегендердин эмгек, социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча узак жылдар бою үзүрлүү эмгектери жана профсоюздун өнүгүүсүнө зор салымдарын кошкон ардагерлерге урмат сый көрсөтүү аземи болуп өттү.

 17.05.2019      30       Информационный бюллетень

“Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

“Билим, илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун  токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

2019-жылдын 17-май күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы № 17 “Кыла” орто мектебинде “Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин 08.02.2019-ж. Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

 17.05.2019      26       Профсоюз в регионах

Информация о 3-х стороннем Соглашении Токмокского горкома профсоюза

Информация о  3-х стороннем  Соглашении  Токмокского горкома профсоюза

3-х стороннее Соглашение является правовым актом и заключается для определения и реализации приоритетов социально-экономической политики сферы образования, с учетом интересов сторон социального партнерства, распространения принципов и опыта взаимодействия на все уровни системы социального партнерства. Так в марте 2019г.заключено Трёхстороннее соглашение на 2019-2022 годы между Мэрией г.Токмок, Чуй-Токмокским отделом образования и горкомом профсоюза работников образования в соответствии с Трудовым кодексом Кыргызской Республики, Законами Кыргызской Республики «Об образовании», «О статусе учителя», «Об охране труда» и иными нормативными правовыми актами заключили настоящее Соглашение, устанавливающее приоритетные цели, основные принципы совместных действий направленных на укрепление и развитие социального партнерства, обеспечению социально-трудовых интересов и прав работников образования в 2019 - 2022 гг.

 17.05.2019      20       Информационный бюллетень

Облустук билим берүү тармагынын кадырлуу Аксакалы

Облустук билим берүү  тармагынын  кадырлуу  Аксакалы

2019-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип кележаткан кадырлүү профсоюздук кызматкерибиз Бегматов Анарбай Турдубаевич 65 жашын белгилөөдө. Бегматов А. Т. 1991-жылы Жалал-Абад облусу түзүлгөндөн баштап, облустук билим берүү башкармалыгында, облустук усулдук билим берүү борборунда жооптуу кызматтарда иштеп , акыркы жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинде уюштуруу бөлүмунүн башчысы кызматында талыкпай иштеп келүүдө.

 17.05.2019      28       Профсоюз в регионах

«Ярмарка вакансий и образования - 2019»

«Ярмарка вакансий и образования - 2019»

Учитывая необходимость целенаправленной профориентационной работы и трудоустройства молодежи Кыргызстана Кыргызский Государственный Университет Строительства, Транспорта и Архитектуры имени Н. Исанова совместно с Аламединским управлением содействию занятости МТСР КР и Управлением по делам молодежи, физической культуры и спорта Чуйской области КР 15 мая 2019 года провели «Ярмарку вакансий и образования». Ярмарка прошла в двух форматах: на «Ярмарке вакансий» выспускникам университета была представлена подробная информация о государственных услугах, предоставляемые службой занятости, о вакансиях по городу Бишкек и Чуйской области. А учащиеся 11 и 9 классов ознакомились с программами подготовки специалистов в КГУСТА им. Н.Исанова, напрямую задав свои вопросы представителям институтов и приемной комиссии университета на «Ярмарке образования». Для них была организована экскурсия по галереи, по лекционным, компьютерным и лабораторным аудиториям.

 17.05.2019      11       Информационный бюллетень