Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Демилгени колдойлу!

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети “Жайкы эс алуу-2022” иш-чарасын жогорку деёгээлде уюштурууда. Социалдык өнөктөштөр менен макулдашуулардын негизинде үлгү болорлуу иштерди жүргүзүп жатат. Эс алуу иши менен жакындан таанышуу максатында Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов Арстанбап-Ата турбазасында 2022-жылдын 27-июнунда болду.

Балдардын жашоо шарттары, тамак-ашынын сапаты, коопсуздугу, иш-чаралардын жолго коюлушу менен таанышып, тарбиячыларга жакшы каалоолорун билдирди.

Кесиптик бирликтин Ноокен райкому макулдашуулардын негизинде ата-энелердин жана жергиликтуу бюджеттин эсебинен 24-29-июнь күндөрүндө 1-агымда турбазада 134, Арстанбап  пансионатында  84 окуучулардын эс алуусун уюштурган. 29-июнь күнү турбазага 2-агымда 126 бала эс алуу үчүн келишти. Ноокен райкому ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып 344 баланын эс алуусун уюштурууга  жетишти.

Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруудагы Ноокен райондук комитетинин демилгеси ар тараптан колдоого татыктуу. Кесиптик бирликтин башка уюмдары да ушул жакшы саамалыкты колго алышса, балдардын көпчүлүгүн жайында эс алдыруу мүмкүнчүлүгү болот эле.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров