Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуулар уланууда

Аксы районуна караштуу Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик комитети жайкы эс алууга мугалимдерди алып барып келди. Кыргыз жери кереметтүү, жаратылышы кооз мамлекеттердин бири. Асман тиреген карагайлар,шаркырап аккан суулар, суу жээгиндеги ак кайындар,кызыл-сары түрдүү гүлдөр көздүн жоосун алат. Мындай кереметтүү жаратылышка суктангандар канча. Чет элдик туристтер ушул кереметти көрүү үчүн,канчалаган алыс жерлерден,өз убактыларын көрсөтүшүп келишет. Н.Мамбетов мектебинин жалпы жамааты, кереметтүү жерлердин бири болгон Сары-Челек көлүнө эс алууга барышты. Райондук профсоюз уюмунан бөлүнгөн акча каражат кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алуусуна жумшалды. Жаратылыш койнунда эс алууга не жетсин, бир жыл бою балдарды тарбиялоодо мугалимдер канчалаган энергияны кетиришет. Жаңы окуу жылына жаңы дем ,толгон энергия менен келишет. Мектеп жамааты эс алууну уюштурган профсоюз комитетинин төрайымы на ыраазычылык билдиришти. Райондук профсоюз комитетинин ишине ийгилик каалашты.

 


Маалыматты даярдаган: Баштапкы КБК төрайымы Наргиза Тотоева