Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиумда маанилүү маселелер каралды

2022-жылдын 28-июнунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областык комитетинин президиумунун кезектеги жыйыны болуп өттү.

Ага бардык районшааркомдордун жана обкомго түз баш ийген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери чакырылды.

Күн тартибинде төмөндөгүдөй маселелер каралды:

  1. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин II пленумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.
  2. КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин пленумунун 19.08.2016-жыл, №3/3-1 «Кесиптик бирликтин мүчөлүк акыларын бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү» токтомун ишке ашыруу жөнүндө.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 «Билим берүү сиситемасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндөгү» токтомун облустун бардык билим берүү жана кесиптик уюмдарына жеткирүүнү камсыз кылуу тууралуу.
  4. “Кесиптик бирлик мүчөлөрүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты райондук, шаардык комитети, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык тармактык кароо-сынагын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОсунун облустун кесиптик бирлик уюмдарында аткарылышы жөнүндө.
  5. Областа айырмаланган жана мыкты иштеген кесиптик бирлик уюмдардын мүчөлөрүнө облустук комитеттин сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө.
  6. Областа жайкы эс алууну уюштуруп өткөрүү жөнүндөгү иш-чараларды жүргүзүү тууралуу.
  7. Ар түрдүү маселелер.

Президиумдун жыйынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областык комитетинин төрагасы А.Исмаилов кириш сөз сүйлөө менен ачты.

Ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин II пленумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө областык жана ага баш ийген уюмдардын алдында турган милдеттерге токтолду.

Экинчи маселе боюнча кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлүк акыларынын Борбордук Комитетинин II пленумунун токтомуна ылайык жүргүзүү керек экендиги, уставдык талаптардын бардык уюмдар тарабынан кыйшаюусуз аткаруу зарыл экендиги белгиленди.

Үчүнчү маселе боюнча обкомдун инспектору А.Айдаров министрлер кабинетинин жогорудагы аталган токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Айрым маселелер боюнча түшүнүксүз жагдайларды чечүүнүн жолдору жөнүндө иштеп чыгылган түшүндүрмөлөр кесиптик бирлик уюмдарына таркатылды.

Төртүнчү маселе – А.Бегматов Кесиптик бирликтин Борбордук Комитет тарабынан уюштурулган кароо-сынактын облустун аймагында жүргүзүлүшү боюнча маалымат берди. Аталган кароо-сынакты облуста мыкты уюштуруп, республикалык деңгээлге жобонун талаптарына ылайык жакшы даярдыктар менен баруу керек экендиги белгиленди.

Бешинчи маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов облустук деңгээлде мыкты иштеген профсоюз мүчөлөрүн сыйлоо максатында сыйлыктарды уюштуруп, аны окуу жылдын жыйынтыгы жана кесиптик бирликтин майрам күнүнүн урматына ыйгаруу боюнча ойлорун ортого салды.

Алтынчы маселе – Жайкы эс алуу боюнча обкомдун төрагасы маалымат берип, жолдомолордун квотасын сактоо менен ден соолукту чыңдоо борборлоруна жөнөтүү, алардын жол коопсуздугун сактоо жана башка уюштуруу иштери райшааркомдордун баштапкы уюмдардын жетекчилердин милдети экендигин баса белгиледи.

Ал эми мугалимдерди эс алдыруу боюнча жолдомолор кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн санына жараша бөлүштүрүү, тиешелүү документтерин так даярдоо райшааркомдордун төрагаларына жана обкомдун финансы бөлүмүнө тапшырылды.

Президиумдун күн тартибиндеги маселелер боюнча кесиптик бирликтин Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, кесиптик бирликтин Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, кесиптик бирликтин Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиев, кесиптик бирликтин Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбеков, кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы М.Утурбаева, кесиптик бирликтин Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.Жаркымбаев, ЖАМУнун кесиптик бирлигинин төрайымы М.Маткаримовалар чыгып сүйлөшүп, өздөрүнүн омоктуу ойлорун айтышты.

Күн тартибиндеги каралган бардык маселелер боюнча президиумдун кеңири токтому кабыл алынды.

Президиумдун жыйынын обкомдун төрагасы А.Исмаилов алып барып, жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

 

Маалыматты даярдаган: обкомдун пресс-катчысы М.Абдыкадырова