Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Билим берүү министринин орун басары менен жолугушуу

2022-жылдын 23-27-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылындагы “Марко Поло” пансионатында Тынчтык жана өнүгүү институту коомдук фонду тарабынан “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында республиканын аймагынан 40 жаш мугалимдердин башын бириктирген окуу-семинары болуп өттү.

Ноокен районунан кесиптик бирликтин 8 мүчөсү катышты. Бул жөн гана окуу-семинары эмес, мыкты тажрыйба алмашуу жана эс алуу да болду.

Семинарда мектептердин базасында түзүлгөн тынчтык клубдары окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө көмөктөшүү, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулук жана чыр-чатактардын алдын алуу, тынчтык куруу жана “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу багытында аткарган иштери, жетишкен ийгиликтери жана алдыда пландалып жаткан иш-чаралары жөнүндө презентация жасашты.

Ошондой эле семинарга КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов катышып, жаш мугалимдер менен жолугушту.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, мугалимдер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жоопторду алышты.  

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кенеши