Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Борбордук комитет өз мүчөлөрүнүн укуктарын дайыма коргойт

Кымбатуу кесиптештер,

КР Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын С.Сыдыков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Орозобеков Уланычбек менен болуп өткөн окуя тууралуу маалымат менен бөлүшөт.

Кымбатуу окурмандар, кесиптештер, тилекке каршы Уланычбек Орозобековичтин окуучулар тарабынан сабалышы Кыргызстандагы мугалимдин кадыр-баркына, анын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайдын дагы бир мисалы болуп калды.

Тилекке каршы, мындай мисалдар коомчулук тарабынан көптөгөн жылдар бою «мугалимге» карата болгон «мамиленин» жыйынтыгын көргөзүп-ашкерелеп келүүдө. 

Албетте, көптөгөн жылдар бою калыптанып калган бул мамилени жою багытындагы Билим берүү министрлигинин жаңы кадамдарын, иш-аракеттерин колдоо менен Профсоюздун Борбордук Комитети өз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо багытындагы иш-аракеттерди уюштуруп келет. 

Учурда, Саруу айылынын С.Сыдыков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Орозобеков Уланычбек Орозобекович баш сөөгүнө доо кеткендигине байланыштуу Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. 

Профсоюздун Жети-Өгүз райондук комитети Борбордук Комитет менен биргеликте Уланычбектин дарылануусуна материалдык жардам көрсөтүү менен бирге, бул иш боюнча соттук териштирүүдө профсоюз тараптан «адвокат» жалданып, буга тиешелүү чыгымдар толугу менен каржылана тургандыгы боюнча макулдашылды.

Кымбатуу кесиптештер, албетте мугалимдерге тишелүү мындай «кейиштүү окуялар» кайталанбашы максатында коомчулуктун бардык тараптары чогуу-биргеликте системалуу иш-алып барышы учурдун талабы экени айдан ачык болуп калды….  

Өзүнүздөргө маалым болгондой учурда КР «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, КР “Бузуулар жөнүндө” Кодексине ата-энелердин жана окуучулардын жоопкерчилиги жөнүндө өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизилген. Ал эми бул Кодекстеги өзгөртүүлөр расмий күчүнө ээ болгон учурдан тарта ал нормалардын аткарылышын контролдоо багытында Профсоюздун Борбордук Комитети мындан ары дагы өз иш-аракеттерин жүргүзө тургандыгын баса белгилейт.

 

КР Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети