Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн жогорулаталы!

2022-жылдын 29-июнунда Базар-Коргон районундагы “Арстанбап-Ата” турбазасында Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин иш планына ылайык Кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн  жогорулаталы! темасында областтык семинар өткөрүлдү. Семинарга райшаардык  комитеттердин жана окуу жайлардын төрагалары жана обкомдун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, семинардын максаттары жана милдеттерине кеңри токтолду.

Семинарда обкомдун инспектору А.Айдаров “Билим берүү кызматкерлерине жогорулатылган айлык акынын төлөнүшүнүн эрежелери” темасында усулдук материалдарды баяндады. Материалдар боюнча катышуучулар тарабынан суроолор, тактоолор, сунуштар билдирилип, жорогоку уюмдарга кат менен кайрылуу чечими кабыл алынды.

Семинарда кесиптик бирлик кызматкерлеринин Текшерүү комиссиясынын мүчөсү, обкомдун финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов райондук текшерүү комиссиясынын иши жана жолдонморлорду берүү маселелери жөнүндө маалымат берди. Жолдомолорду баштапкы кесиптик уюмдарга бөлүштүрүү тууралуу  талаш  маселелер такталды.

Обкомдун уюштуруу бөлүмүн башчысы А.Бегматов “Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн окутууну уюштуруу боюнча кесиптик бирликтин мыкты райондук, шаардык комитети,жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кесиптик бирлик комитети” республикалык тармактык кароо-сынагынын уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун негизинде иштерди уюштуруу тууралуу материалдарды баяндап берди.

Катышуучулардын суроолоруна жооптор жана сунуштарына пикирлер билдирилды.

Семинардын катышуучуларына обком тарабынан даярдалган усулдук материалдар кагаз жана электрондук варианттарда берилды.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айларов