Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Эмгек укуктарын коргоо боюнча жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине мугалимдерден эмгектик укуктары жана өндүрүштө болгон бөөдө кырсыктардан жабыркагандыгына байланыштуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору Б.Кадыркулов ар бир кайрылууну кылдаттык менен карап чыгып, айрымдарын жеринде териштирип, олуттуу көңүл буруу менен мамиле жасап, бир да кайрылуу көңүлдүн сыртында калтырылган жок.

Мисалы, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин техникалык кызматкери А.Сыдыкова өндүрүштүк мертинүүсүнө байланыштуу бир мезгилдүү жана ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдарды КР Эмгек Кодексинин талаптарына ылайык эсептеп берүүнү суранган.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору Б.Кадыркулов бул маселени терең карап чыгып, өндүрүштүк жаракат алган учурда берилүүчү жөлөк пул туура жана так эсептелбей калгандыгын белгилеген. КР Эмгек Кодексинин 237, 238-статьяларына ылайык жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү анын өндүрүштүк мертинүүгө чейин ошол уюмда иштеген акыркы 12 айдагы орточо айлык эмгек акысы менен аныкталары баса көрсөтүлдү.