Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдер Жогорку Кеңеште

Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети жаштар менен иш алып баруусу жакшы жолго коюлган. Ноокен райондук кесиптик бирлик комитети 29-июнь күнү райондогу жаш мугалимдер менен биргеликте Жогорку Кеңеште болушуп, депутаттар менен жолугушту. Аны Ноокен районунун тургуну, Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлү менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу   органдары  тарабынан «Билим берүү  жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө»  мыйзамдарына ылайык билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык  маселелери талкууланды.

Ошондой эле жаш мугалимдер Жогорку Кеңештин имаратында экскурсия кылышып, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Андан соң  депутаттардын отурумуна катышышты.

Жолугушууну уюштурууда жакындан көмөк көрсөткөн Достук айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты, №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Наргиза Башихтиновага жана убактысын бөлүп, мугалимдерди кабыл алып, алардын ой-пикир, сунуштарын кабыл алган эл өкүлү Замирбек Дүйшалыевич Мамасадыковго  Ноокен райкомунун жаштар кеңешинин атынан жана жалпы эле Ноокен районундагы жаш мугалимдердин атынан ыраазычылык билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров