Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Эмгек укуктарын коргоо боюнча жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине мугалимдерден эмгектик укуктары жана өндүрүштө болгон бөөдө кырсыктардан жабыркагандыгына байланыштуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери, анын ичинде эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору Б.Кадыркулов ар бир кайрылууну кылдаттык менен карап чыгып, айрымдарын жеринде териштирип, олуттуу көңүл буруу менен мамиле жасап, бир да кайрылуу көңүлдүн сыртында калтырылган жок.

Мисалы, КР Билим берүү жана илим министрлиги Кесиптик бирликтин борбордук комитетинен иш маалында тайгаланып жыгылып, каза болгон Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы “Бөбөктай Бай Эл” балдар бакчасынын кароолчусу М.Ж.С. бир мезгилдүү жана ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун мыйзамдуу жагын кароону өтүнгөн. Бул жагдай да Кесиптик бирликтин борбордук комитетинин эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору Б.Кадыркулов тарабынын териштирилип, каза болгон М.Ж.С. үй бүлөсүнө берилүүчү бир мезгилдүү жана ай сайын төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмдөрү туура жана так эсептелип, берилди. Кайрылуучу тараптар алардын суроо-талаптарына туура жана так жооп бергендиктери үчүн кесиптик бирликтин борбордук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.