Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Араван районунда окутуучулар майрамы өткөрүлдү

      2016-жылдын   5-октябрь  күнү  Араван райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин профсоюз  комитети  тарабынан  мугалимдер  майрамына  карата  райондук  денгээлде  иш  чара  өткөрүлдү.

      Райондун  борборунан   орун  алган  «Алтын Ордо» ресторанындагы  уюштурулган  майрамдык  кечеге 120 билим  берүү  тармагында  эмгектенип  жаткан   кызматкерлер  катышты.

      Майрам  ээлерин  куттуктоо  үчүн Араван райондук  мамлекеттик адмнистрациясынын  башчысы  аким  К. Айтибаев , Ош облустунун ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  аппарат  жетекчиси  М.Зикиров  жана айыл  өкмөттөрүнүн  башчылары  келишип , баалуу  белектерин тапшырышып  куттуктоо  сөздөрүн  айтышты.

      Салтанаттуу  майрамдык  иш  чарада  Борбордук  Комитеттин Ардак  Грамотасы  менен  А.Наваи  атындагы  орто  мектебинин тарбия  иштери   боюнча   орун  басары  Г. Абдылдаева , «Профсоюз  кыймылынын  отличниги  »төш  белгиси  менен   А. Саламов  атындагы  орто  мектебинин   география  мугалими  К. Назаровдор  Араван  РПКнын  төрагасы   Б.Турдубаевдин  тапшыруусунда   ээ  болушту.