Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Агай –Эжей, кыроо салды чачыңды, алтын менен жазгым келди атыңды!»

         2016-жылдын 5-октябрь күнү Ала-Бука райондук маданият сарайында  «Агай –Эжей, кыроо салды чачыңды ,алтын менен жазгым келди атыңды !»-аттуу иш чара өткөрүлдү.

            5-октябрь күнү райондук маданият сарайына билим берүү тармагында иштеген 450 алдынкы мугалимдер чакырылып, ошол күнү музыка шаңга бөлөнүп келген мугалимдерди мектеп окуучулары гүл берип тосуп алып жатышты. Мындан сырткары салтанаттуу иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын социалдык иштер боюнча орун басары Үсенбаева Калича Сатимбаевна ,жети айыл аймагынын башчылары ,мекеме уюмдардын жетекчилери жана айылдык кеңештин депутаттары катышты.

            Алгач салтанатты райондук билим берүү бөлүмүнүнүн башчысы Турдукулова Чынара Абдыкапаровна ачып, жалпы мугалимдерди куттуктап райондогу чыгаан, алдынкы мугалимдердин аттарын атап өттү. Өзүнүн сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан келген “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин жана ардак грамоталарын тапшырды.

            Андан кийин райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык иштер боюнча орун басары Үсенбаева Калича Сатимбаева мугалимдерди куттуктап, азыркы мугалимдерге көрүлүп жаткан иштерге токтолуп, акырында мамлекеттик администрациясы тарабынан ардак грамоталарды тапшырып, ийгиликтерди каалады.

            Билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай жалпы билим берүү тармагында иштеп жаткан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, акыркы жылдары билим берүүдө эмгектенип жаткан мугалимдердин ишине жогорку тараптан көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, базар экономикасына карата айлык акылары да аздан да болсо көтөрүлүп жаткандыгына токтолуп, “Бала ыйлабаса, эмчек кайда”- дегендей профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан кайрылуулардын негизинде ишке ашып жаткандыгына токтолуп өттү.Сөзүнүн акырында Борбордук Комитет тарабынан берилген “Профсоюздун отличниги” төш белгиси жана ардак грамоталарын, обком тарабынан берилген ардак грамоталарын тапшырып, бир топ ийгиликтерди каалап өттү.

            Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Молдокеев Эрнис Иманбекович куттуктоо сөзүндө райондогу мектептер менен биргеликте өткөрүлүп жаткан иштерди айтып, ички иштер министирлиги тарабынан берилген медалдарды жана ардак грамоталарды тапшырып район элине ынтымакты тилеп өттү.

            Салтанатта айыл аймактарынын башчыларынын арасынан Алчынбаев Жаркынбектин, мекеме уюмунун башчыларынан “Айыл акыйкаты” гезитинин башкы редактору Камбарбеков Камчыбек агалардын сөздөрү жалпы мугалимдердин көңүлүн толтурду,башкалар да куттуктоо сөздөрүн айтышып, акчалай жана кызыктыруучу белектерин беришти.

 Салтанаттын экинчи бөлүгүндө кыргыз элине таанымал жаш ырчы Алтынбек Борошов жетектеген чыгармачылык топ , Дербишов Масалбек жатектеген райондук маданият үйүнүн чыгармачылык тобу жана Алматова Атыркан жетектеген балдардын чыгармачылыгы үйүнүн ыр, бий ийримдеринин окуучулары тарабынан уюштурулган бир жарым сааттык чоң программадагы концерти тартууланды.

 

Ала-Бука райондук профсоюз комитети.