Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ардагерлерге арналган урмат-сый кечеси өткөрүлдү

          Ош мамлекеттик университетинде үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында куттуу окуу жайыбызда узак жылдар бою иштеп ардактуу эс алууга чыккан жана азыркы учурда да жаштарга жогорку билим жана тарбия берүүнүн үстүндө эмгектенип жаткан ардагер агай-эжекелерибизге Мугалимдердин жана Улгайгандардын күнүнө карата ректорат жана профсоюз комитети тарабынан майрамдык сый дасторкон жайылып, салтанаттуу кече уюштурулуп өткөрүлдү.  Сый кечеде ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов, проректор А.Абдувалиев, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы А.Анарбаев, ардагер агайыбыз, профессор Б.Араповлор чыгып сүйлөштү. Алар университеттин узак тарыхы,  соңку жылдар аралыгындагы ийгиликтер менен жетишкендиктерди, профсоюз менен ректораттын ортосунда быйылкы жылы  2016-2019-жылдарга карата кабыл алынган Жамааттык Келишимдеги социалдык  колдоо багытындагы өз ара алакаларды,  июль айында окуу жайыбыздын жамаат ичиндеги биримдиги менен ынтымагынын аркасында Каныбек Исаковду кайрадан ректорлукка  шайлап алгандыгын белгилешти. Билим берүү менен илимдин сапатын жогорулатуу, окуу имараттарында, жатаканаларда заманбап шарттардын түзүлүп жатканы, ОшМУнун өлкөдө эле эмес, Борбор Азия аймагында ЖОЖдор арасында татыктуу ордун ээлегени, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен билим берүү жана илим жаатында байланыштарды күчтөндүрүү, өзара мобилдүүлүктү арттыруу ж.б. позитивдүү жана динамикалуу өсүштөргө, алдыңкы асыл максаттар жөнүндө айтып өтүштү. Мына ушул баардык жакшылыктардын башатында турган жана ОшМУнун туруктуу өнүгүү багытына чыйыр салган, көптөгөн татыктуу муундарды тарбиялап жол көрсөткөн силерсиңер, урматтуу жана ардактуу ардагер агайларыбыз жана эжекелерибиө деген жылуу сөздөрүн айтышып, сый кечеге катышып отурган жалпы катышуучуларды куттукташты.                

       Университетибизде жыл сайын салтка айланып калган Мугалимдердин жана Улгайгандардын күнүнүн урматына карата бул ирет да эс алуу жана көңүл ачуу үчүн атайын даярдалган концерттик программа боюнча ырлар окулуп, маданий-эстетикалык борбордун Эламан Жалалов, Равшан Момунов баштаган  таланттуу кызматкерлери, алар менен катар кыргыз эл артисти, Ж. Алыбаев,  Т.Бабашева, С.Мамбетова, А.Изамаматов, А.Инамбекова өңдүү ардагер агай-эжекелерибиз да куттууктоо жана каалоо сөздөрүн айтышып, биринен-бири калбай ырдашып, өз өнөрлөрүн тартуулашып кеченин катышуучуларын чоң кубанычка бөлөштү.     “Азыркы учурда ОшМУда жаш курагы 58 жаштан ашкан эжекелерибиз жана 63 жаштан ашкан агайларыбыздын жалпы саны 250дөн ашуун. Бул эмгек ардагерлерибиздин  тизмеси ар бир факультеттер, колледждер ж.б. структуралар боюнча профсоюз комитетинде жыл сайын өзгөртүлүп жана толуталып турат.  Бүгүнкү сый кеченин дасторкону ректорубуз, профессор К.Исаковдун жеке демөөрчүлүгү менен уюштурулду, ал эми профсоюз комитетинен ардагерлерибизге ар бирине 500 сом өлчөмүндө акчалай жардам берилди” - деп билдирди профкомдун башкы эсепчиси Эстебес Рысалиев.

ОшМУнун басма сөз кызматы