Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде Эл-Аралык мугалимдер күнү белгиленди

    5-октябрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  эмгек жамааттын кесиптик майрамына арналган кече болуп өттү.

     Кеченин башында Окуу жайдын ректору Б.Б.Зулуев жалпы  жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, мыкты эмгектенген  агай эжекелерге окуу жайдын ардак грамотасын жана ардактуу эс алууда жүргөн ардагер агай эжекелерге акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле институттун өнүгүүсүнө зор салым кошкон кесиптештерге КРдин билим берүү жана илим министрлигинин, КРдин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары ыйгарылды. Иш-чара уюштуруу тобу тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, таланттуу окутуучулардын оюн-зооктору тартууланды.