Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Улгайган мугалимдерге урмат-сый көрсөтүлдү

    Баткен райондук тармактык кесиптик бирлик комитети жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган Улгайгандардын күнүнө арналган салтанатка  мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлери Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдер катышышты.

     Ардагерлерди раймамадминстрациянын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырова жана облмамадминистрациянын социалдык өнүгүү жана мониторинг бөлүмүнүн башкы адиси  А. Абдыкалыковдор  билим берүү кызматкерлерин майрамдары менен куттукташып, чын ден соолук жана бакубат жашоо каалашты. Сый тамактын үстүндө ардагерлер оор күндөрдөгү мектептердин жана мугалимдердин абалы жөнүндө эскеришип, азыр бир топ жакшыргандыгын жана мугалимдерди материалдык жана моралдык жактан колдоого мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын белгилешти. Ардагерлерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик уюмунун майрамдык белектери тапшырылды.

   Ардагерлер улгайгандарга кам көрүп, майрам уюштургандыгы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик уюмунун жетекчиликтерине терең ыраазылык билдиришти. 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси