Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕР СЫЙГА БӨЛӨНДҮ

     Ош шаарында “Мугалимдердин кесиптик күнүнө карата” Ош шаарынын мектептеринин, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери катышкан салтанаттуу иш чара уюштурулду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагасы Абдыхалил Балтабаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, билим берүү кызматкерлеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышышты.

     Иш чаранын алкагында Абдихалил Балтабаев билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин эл агартуусунун мыктысы жана Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин “ Кыргыз Республикасынын профсоюз кыймылынын мыктысы” жана ардак грамотасы менен сыйлады.

Ошондой мугалимдер үчүн белгилүү ырчылар жана бийчилер  концерттик программа тартуулашты.