Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Ак карлуу тоо койнунда эс алуу

Ак карлуу тоо койнунда эс алуу

2019- жылдын 25-январь күнү Бишкек гуманитардык университетинин Бириккен профсоюздук комитети тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан кызматкерлерге бир күндүк эс алдыруу уюштурулду. Бул саамалыкка жалпысынан 90го жакын кызматкер барып, бир күн болсо да тоо койнунда , таза абадан дем алып эс алып келишти. Профсоюз тарабынан ысык тамак берилип, ар кандай программадагы оюн зооктор жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Бул иш чара аз да болсо окутуучулардын ден соолугуна кам

 05.02.2019      816       Маалыматтык бюллетень

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы №18 «Арча-Бешик», №14 Б.Омушова, №25 Р.Кожоматова, №3 «Бүчүр», №4 Т.Давлетов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук уюмдарында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдарда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле 2019-жылдын иш пландары, сметалары талкууланып жалпы чогулуштун токтому менен бекитилди.

 05.02.2019      536       Кесиптик бирлик региондордо

Райондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы

Райондун   билим  берүү   мекемелеринде  Кыргыз   Республикасынын   Эмгек   Кодексинин  талаптарынын   аткарылыш   абалы

2019-жылдын 1-февралында Кадамжай Районундагы №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинде РКП тарабынан даярдалган “Райондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы” жөнүндө коллегия болуп өттү. Коллегия Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Бөлүм башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев, райБББнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилеринин катышуусунда өттү.

 04.02.2019      614       Кесиптик бирлик региондордо

№30 Аркыт жалпы орто мектебинде баштапкы профсоюз комитетинин отуруму болуп өттү

№30 Аркыт жалпы  орто мектебинде баштапкы профсоюз комитетинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 29-январында Аксы районундагы №30 Аркыт жалпы орто билим берүү мектебинде кесип бирлигинин отуруму болуп өттү. Отурумда кесип бирликтин бир жылда жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы берилди. Ошону менен бирге 2019-жылга баштапкы комитеттин сметасы, жылдык планын бекитүү боюнча  бир канча маселелер каралып, талкууланып бекитилди. Кесип бирликтин мүчөлөрү өз ойлорун билдирүү менен кесип бирликтин төрайымынын жүргүзгөн иштерине жакшы  деп баа беришти.

 01.02.2019      586       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды

Ноокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды

2019-жылдын 29-январь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, А.Усманов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

 01.02.2019      600       Кесиптик бирлик региондордо

“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”

“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Исфана” жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде 2019-жылдын 24-25-январь күндөрү “Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” деген темада мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.

 01.02.2019      701       Кесиптик бирлик региондордо

Билим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт

Билим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт

2019-жыл 30-январь күнү Ноокен районундагы №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде “Түбөлүктүү түгөнбөс кенч-билим болот, түпкүрүнө жете казсаң – илим болот” аттуу райондук ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу бардык мектептердин директорлору катышышты. Ачык эшиктер күнүндө Н.Исмаилова, Ы.Коргонбаева, Ж.Камбарова, С.Кадырова, С.Нурановалар жогорку денгээлде сабактарды өтүп беришти.

 01.02.2019      658       Кесиптик бирлик региондордо

Башталгыч класстарда сүрөт сабагын окутуунун жана сүрөт тартуу техникаларын үйрөтүүнүн усулдары

Башталгыч  класстарда  сүрөт   сабагын  окутуунун    жана   сүрөт  тартуу   техникаларын  үйрөтүүнүн   усулдары

2019-жылдын 24-январында Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын жана сүрөт предметинин мугалимдери менен семинар болуп өттү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн методистери, мугалимдер жана башталгыч класстын окуучулары катышты.

 01.02.2019      2023       Кесиптик бирлик региондордо

2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер

2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2019-жылдын 25-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү. Президиумдун күн тартибинде:

 31.01.2019      553       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин семинар кеңешмеси болуп өттү

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин семинар кеңешмеси болуп өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №14 “Нооруз” балдар бакчасында зордук-зомбулук, жашы жете элек балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга Ноокен рай КБКнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У.Шамаматова, айыл башчысы Э.Субанов, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын балага тийгизген таасири жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, кенен талкуу жүргүзүлдү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган "Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция", Кыргыз

 30.01.2019      594       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети «Региондорду өнүтүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземин өткөрдү

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети  «Региондорду өнүтүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземин өткөрдү

2018-жылдын 29-январь күнү билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова «Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча шаардык, областтык сынакта 1-орунду ээлеген, Республикалык сынакта дипломго ээ болгон №4 “Ландыш” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Ж.М.Душобаевага билим берүү кызматкерлеринин областтык, борбордук комитеттери тарабынан берилген дипломдорду жана акыркы үлгүдөгү ноутбук тапшырды.

 30.01.2019      557       Кесиптик бирлик региондордо