Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Башталгыч класстарда сүрөт сабагын окутуунун жана сүрөт тартуу техникаларын үйрөтүүнүн усулдары

2019-жылдын   24-январында Кадамжай  районундагы  Орозбеков  айылындагы С.Тешеев   атындагы  орто  мектебинде  башталгыч  класстын  жана  сүрөт предметинин  мугалимдери  менен семинар болуп  өттү.  Семинарга Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  төрагасы   А.Момошов, билим  берүү  бөлүмүнүн  методистери,  мугалимдер жана башталгыч класстын  окуучулары   катышты.

Семинардын  максаты:  Башталгыч  класс  мугалимдерине  сүрөт сабагын  окутуунун  усулдары, сүрөт тартуу техникасы боюнча  усулдук жардам  берүү   аркылуу,  окуучулардын   искусствого  болгон   кызыгуусун   калыптандыруу.  Искусствонун   максаты-табияттын   сулуулугун  көрсөтүү.

Семинардын  жүрүшүндө   1-2-3- класстын  окуучулары  менен   “Оюмдар  дүйнөсүнө  саякат”, “Анималистика   жанры   скульптура”,  “Кышкы  пейзаж”   аттуу  темада  төмөнкү  мугалимдер   Бакирова   Абыда,  Төлөбаева  Зулайка,    Джамалова  Гүлчехра,  Мастанова   Саткынай   ачык  сабак  өтүп  беришти.  Семинардын  аягында  көрмөзмөгө   саякат  жүрдү,  эн  мыкты  сүрөт  тарткан  окуучуларга  райкомпрофсоюз  тарабынан  белек  берилди.

 

 

Материалды  даярдаган: 

уюштуруучу  адис

А.Ф.Исаевна