Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт

2019-жыл 30-январь күнү Ноокен районундагы №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде “Түбөлүктүү түгөнбөс кенч-билим болот, түпкүрүнө жете казсаң – илим болот” аттуу райондук ачык эшиктер күнү болуп өттү.

Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу бардык мектептердин директорлору катышышты.

Ачык эшиктер күнүндө Н.Исмаилова, Ы.Коргонбаева, Ж.Камбарова, С.Кадырова, С.Нурановалар жогорку денгээлде сабактарды өтүп беришти.   

Белгилей кетсек № 30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму (төрайымы Ж.Аманбекова) 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча  райондо, областта  1-орунду ээлеп, республикада “Гран прини” багындырган. Бул боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Б. Козуев айтып өттү жана № 30 Б.Дамашев  атындагы орто мектебинин директоруна, профсоюздук комитеттин төрайымына, мектептин жалпы жамаатына ыраазылык билдирип өттү. Ошондой эле  социалдык өнөктөш катары Үч тараптуу келишимдин негизинде 2018-жылда билим берүү тармагы үчүн бир топ иштерди жасаган Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго ыраазычылык билдирди.

Материалды даярдаган:

№ 30 Б. Дамашев атындагы орто мектебинин

 кесиптик уюмунун төрайымы

Ж. Аманбекова