Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жыл жыйынтыгын жыйынтыкташты

Баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жыл жыйынтыгын жыйынтыкташты

Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жылдын жыйыгын чыгарышып мектептерде профсоюздук чогулуштарын өткөрүштү. Быйылкы 2019-жылдын иш пландары бекитилип,өткөн жылдын анализдери жүргузүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан кабыл алынган иш пландар толугу менен аткарылып, мугалимдердин муктаждыктарын камсыз кылышты. Тактап айтканда мугалимдер бекер медициналык кароолордон өткөрүлдү. Ошондой эле профсоюздук уюмдар бош убакыттарын дагы максаттуу пайдаланышууда. Эс алуу үчүн атайын эс алуу бөлмөлөрү уюштурулуп,өнөктөштөр менен демөөрчүлөр тарабынан тиешелүү мебелдер,зарыл эмеректер менен жабдылууда.Профсоюздук иш чараларды сапаттуу уюштуруу менен биргеликте иштеп жаткандардын саламаттыгын чыңдоо,эс алдыруу жана эмгек

 07.02.2019      616       Кесиптик бирлик региондордо

“Коопсуз миграция”

“Коопсуз миграция”

2019-жылдын 1-февраль күнү Лейлек районунун Исфана шаар мэриясына караштуу У.Маткаримов атындагы №4 гимназия жатак-интернатында «Коопсуз миграция» деген темада семинар болуп өттү. Бул семинарга интернаттын педагогикалык жалпы жамааты, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы Н.С.Эралиева, социалдык жактан жарандарды коргоо боюнча ѳкүл Т.Алибеков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, “Инсан Лейлек» коомдук фондунун юристи К.Карчыгабекова, Исфана шаар мэриясына караштуу мектептерден келген соц педагогдор жана окуучулар катышышты.

 07.02.2019      800       Кесиптик бирлик региондордо

Кесип бирлик комитетинин кезектеги отуруму

Кесип бирлик комитетинин кезектеги отуруму

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Надыр Мамбетов мектебинде кезектеги кесип бирлик комитетинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2018-жылда профсоюздун аткарган иштери, өткөргөн иш чаралардын мазмуну, материалдык жардамдар жөнүндө талкуу жүрдү. Кесип бирлик комитетинде 77 мүчө бар. Жыл ичинде майрамдарга карата кечелер, жайкы эс алуулар уюштурулган. Жаӊы 2019-жылга карата кесип бирлик комитетинин төрайымы Н.Тотоева иш пландарын түзгөн. Отурумда 2019-жылдын сметасы түзүлдү. Сметада каралган акча каражаты профсоюз мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусуна , майрамдарды өткөрүүгө , материалдык жардамга мукташ профсоюз мүчөлөрүнө жумшалат.

 07.02.2019      608       Кесиптик бирлик региондордо

«Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам»

«Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам»

2019-жылдын 31-январь күнү Лейлек районунда «Келечекке зордук-зомбулуксуз кадам» аттуу райондук семинар Исфана шаар башкармалыгына караштуу Т.Жапаров атындагы орто мектебинде болуп өттү. Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, райондун мектептеринин директорлору жана социалдык педагогдору, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы , укук коргоо органдарынын, социалдык жактан коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлор, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп жалпысынан 150 киши катышты.

 06.02.2019      2129       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ – кичи максаттарды, чоң максаттарга айландырган мекеним

ОГПИ – кичи максаттарды, чоң максаттарга айландырган мекеним

Саламатсыңбы! Дүйшөндөр учкан алтын уям. Ооба, кайрылып студенттик күндөрүмдүн баа жеткис элестерин көз алдыма чагылдырып, кучагыңда олтурган учурум. Убакыттын зымырап учкан куштай бат өткөнүн бүгүн билип турамын. Биринчи курска келген күндөрүмдө, керенгеси кенен окуу жайдын жүзүн тааныбай, жолдун алыстыгын артка таштап, бир айдын ичинде, бир нече жолу айылга барганымда, ар жолку сайын Атамдын “ушул жылы окуп көр, болбой калса өзүңдүн тандооң” деген сөзү мени окуу жай менен байланыштырды. Мына ошол күндөн тартып, келечекке жол ачкан төрт жылдык убактымдын баалуу мүнөттөрү өткөн окуу жайымды “мекеним” деп атоону туура көрдүм. Анткени сенден адамга эмне керек болсо баарын таптым. Эн негизгиси адамдык касиет, көөдөнү мээримге толгон агай-эжей, тубөлүктүү дос, өз тууганындай көргөн ага-эжелерди, өзгөлөрдү өзүндөй болуусун каалаган, жакшы сөз менен туура жолго салган улуу муунду таптым.

 06.02.2019      638       Кесиптик бирлик региондордо

Семинар. Угуп, көрүп, кулагыңа түйүп ал

Семинар. Угуп, көрүп, кулагыңа түйүп ал

Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинде 2019-жылдын 2-февраль күнү "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун негизинде шаардык масштабда семинар болуп өттү. Семинарга Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов А.Ж., Джапарова Н.М., Турдыева М. шаардык мектеп жетекчилери, окуу бөлүмүнүн башчылары, башталгыч класстын мугалимдери жана ата-энелер келип катышты.

 06.02.2019      599       Кесиптик бирлик региондордо

"Келгиле, окуйбуз!" долбоору жөнүндө учкай кеп

Окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоору Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарынан долбоорго катышкан мектептеринин директорлору, Окуу бөлүмүнүн башчылары, китепкааначылар жана башталгыч класстын мугалимдерин тренерлер Н.М. Жапарова жана М. Турдыевалардын жетекчилигинде долбоор ийгиликтүү окутулду.

 06.02.2019      776       Кесиптик бирлик региондордо

БАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ-ЭРТЕӉКИ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ (КИТЕП ОКУУ)

БАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ-ЭРТЕӉКИ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ (КИТЕП ОКУУ)

Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейде 30-январь күнү "Балдардын тарбиясы-эртенки коомдун келечеги». Китеп окуу - деген темада энелер мектебинин сабагы лицей жетекчиси Б.К.Базарбаева жана соцпедагог К.М.Исманова тарабынан өтүлдү. Энелер мектебинин катышуучулары бала тарбиялоо боюнча ойлорун кызуу талкуулап ортого салышып, активдүү катышты. Кезектеги сабака тапшырма берилип, сабак жыйынтыкталды.

 06.02.2019      846       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ

2019-жылдын 1-февралында Баткен мамлекеттик университетинин окуу түзүмдүк бөлүктөрүнүн профсоюз уюмдарынын башын бириктирген бириккен профсоюз комитети Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде уюштурулду. Уюштуруу конференциясына , Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, БатМУнун ректору А.Зулпуев, БатМУнун профсоюз уюмунун төрайымы Л.Эшалиева жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүктөрүнөн делегат болуп шайланган 33 адам катышты.

 05.02.2019      536       Кесиптик бирлик региондордо

Ак карлуу тоо койнунда эс алуу

Ак карлуу тоо койнунда эс алуу

2019- жылдын 25-январь күнү Бишкек гуманитардык университетинин Бириккен профсоюздук комитети тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан кызматкерлерге бир күндүк эс алдыруу уюштурулду. Бул саамалыкка жалпысынан 90го жакын кызматкер барып, бир күн болсо да тоо койнунда , таза абадан дем алып эс алып келишти. Профсоюз тарабынан ысык тамак берилип, ар кандай программадагы оюн зооктор жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Бул иш чара аз да болсо окутуучулардын ден соолугуна кам

 05.02.2019      816       Маалыматтык бюллетень

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы №18 «Арча-Бешик», №14 Б.Омушова, №25 Р.Кожоматова, №3 «Бүчүр», №4 Т.Давлетов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук уюмдарында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдарда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле 2019-жылдын иш пландары, сметалары талкууланып жалпы чогулуштун токтому менен бекитилди.

 05.02.2019      536       Кесиптик бирлик региондордо