Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы

2019-жылдын   1-февралында  Кадамжай   Районундагы   №17  А.Масалиев  атындагы  орто  мектебинде  РКП   тарабынан  даярдалган   “Райондун   билим  берүү   мекемелеринде  Кыргыз   Республикасынын   Эмгек   Кодексинин  талаптарынын   аткарылыш   абалы”   жөнүндө   коллегия  болуп  өттү.  Коллегия  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  Кадамжай  райондук  комитетинин  төрагасы   А.Момошов, Бөлүм  башчысы   Ж.О.Гайбуллаев, Кадамжай  райондук  усулкана  башчысы  М.Ганыбаев, райБББнүн  кызматкерлери  жана  мектеп   жетекчилеринин  катышуусунда  өттү.

Кадамжай  районунда    2018-2019-окуу  жылына   карата    84   билим  берүү   мекемеси  иш  жүргүзүп    жатат.  Алардын   ичинен  83    мекеме  профсоюздун  райондук  комитетине  мүчө   катарында    катталышкан. Билим  берүү  мекемелериндеги   профсоюз  уюмдары  ошол   мекемедеги  эмгектенип   жатышкан  кызматкерлердин  социалдык, экономикалык,   укуктук   талаптарын   коргоо    менен   бир  катарда  Эмгек  Кодексинин  талаптарынын  так  аткарылышына  көзөмөлдүктү   жүргүзүшөт.

Кыргыз  Республикасынын   Эмгек  Кодексинде  көрсөтүлгөн  талаптарды  так, талаптын  деӊгээлинде  аткаруу  ар  бир  мекеменин  жетекчисинин  түздөн  түз  милдети   болуп  саналат.

Профсоюз  уюмдары   Кыргыз  Республикасынын  Конститутциясына,  Кыргыз  Республикасынын   Эмгек  Кодексине ,  Кыргыз   Республикасынын  Профсоюздар  жөнүндөгү   мыйзамына    таянып, өз  ишмердүүлүктөрүн  жүргүзүшөт.  Ошондуктан   профсоюздун   райондук  комитети  Кыргыз  Республикасынын мыйзамдарын  аткаруу  менен  бирге, Кыргыз  Республикасынын Эмгек  Кодексинин   32,409-статьясына   жана  КР  “Профсоюздар   жөнүндөгү”  мыйзамынын   14-статьясына  ылайык  коомдук  көзөмөл  жүргүзөт, профсоюз  уюмдары  сунуштаган  иштер  иш  берүүчү тарабынан  аткарууга  милдеттүү  экендиги  ал  мыйзамдарда  так  каралган.      Мектептерде   мугалимдерди  жумуштан  бошотууда   КР Эмгек  Кодексинин  83-статьясынын 6(а)  пункту    кеёири   колдонулат.  Бирок,  көпчүлүк   мектептерде    буйрук  китепчелерин  жүргүзүүдө  КР  Эмгек  Кодексинин  талаптары   толук  сакталбагандыгынын   күбөсү  болдук.

Мектептерде КР Эмгек  Кодексинин 19-беренесине  ылайык   мугалимдердин  укуктары  жана  милдеттери   жазылып,  көрүнүктүү   жерге  коюлган.  Мыйзамда  каралган  тартипке  ылайык  зыяндуу  факторлордун   таасири  үчүн  мектептин  айрым  бир  кызматкерлерине  кошумча  15%  акы  төлөнөт.  Ушул  эле  беренеге   ылайык  мугалимдер  өз  квалификациясын   жогорулатуу  курстарынан    өтүп  турушат.

Эмгек  Кодексинин  3-глава  22-статьясына   ылайык  социалдык  өнөктөштүк    катары  мектептерде  3 тараптуу  жана  2  тараптуу  келишимдер  түзүлгөн. Бирок,  ушул  келишимдердин  аткарылышына  көзөмөлдү  күчөтүү  керектиги   тиешелүү  адамдарга  эскертилди.    Кодекстин  7-глава  53-статьясынын  негизинде  кызматкер  менен  иш  берүүчүнүн  ортосунда  эмгек  келишими  түзүлөт.  Эмгек  келишиминде  келишимдин  түзүү  датасы, орду,   иш  берүүчүнүн  аты  жөнү,   келишимдин  колдонулуш  мөөнөтү,  иш  режими  ж.б  көрсөтүлүшү  керек. Тилекке  каршы   текшерилген  Ынтымак,  Токтогул,  Төралиев,  Бөкөнбаев  орто  мектептеринде  бул  талаптар  аткарылган  эмес. Эмгек  Кодексинин  65-статьясына  ылайык ар  бир  мекемеде  белгиленген  үлгүдөгү  эмгек  китепчеси  жүргүзүлүшү  керек.  Эмгек  китепчесин  талаптагыдай   деӊгээлде Өрүкзар, Сабиров, Токтогул, Дружба орто  мектептеринде  жүргүзүлсө,  ал  эми  Таш-Дөбө,  Ынтымак,  Бөкөнбаев, Үч-Коргон  тех.лицейи  мектептеринде   айрым  бир  кемчиликтерге   жол  коюлган.

Кодекстин  147-статьясында  тартиптик  жазаларды  колдонуунун  тартиби  көрсөтүлгөн. Текшерүү  учурунда  мектептерде   тартиптиктик  жазаларды  колдонуу  боюнча  өтө къп  кемчиликтер   башкача  айтканда   тартиптик  жазалар  таптакыр  берилбей  тургандыгына  күбө  болдук.

13-главада  Эмгекке  акы  төлөө  боюнча  карап  чыкканыбызда  бардык  мектептерде  тарификация  жүгүзгөндүгү  башкача  айтканда туура  жүргүзгөндүгүн көрдүк. Тарификациялык комиссиялар туура  бөлүштүрүлгөн.  Бирок, КТУну  бөлүштүрүүдө  ачык  айкындуулук  жетишпейт.

17-главада   эмгекти  коргоо   боюнча  мектептерде  кызматкерлер  тарабынан  арыз   даттануулар   түшпөгөндүгүн  көрдүк.  Билим  берүү  мекемелеринде  эвакуация  пландары  түзүлгөн, бекитилген  эмгекти  коргоо   боюнча  комиссиялар   түзүлгөн  жана  талаптар  канааттандыраарлык  деӊгээлде.

Материалды   дайрдаган:  

Уюштуруучу  адис 

 Ф.Ажиева