Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2019-жылдын 25-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү.

Президиумдун күн тартибинде:

-областтык комитеттин 2018-жылда аткарган иштери боюнча областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков маалымат берди;

-2018-жылдын ноябрь, декабрь айларында областтык комитеттин иш планына ылайык каралып чыккан  Баткен райондук жана Баткен шаардык профсоюз комитеттеринин профсоюз мүчөлөрүнө социалдык-экономикалык жана укуктук жактан колдоо көрсөтүү боюнча жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө  областтык комитеттин уюштуруу, укук  жана эмгекти коргоо боюнча адиси К.Акимов маалымат берип тиешелүү токтомдор кабыл алынды. 

Президиумдун жүрүшүндө 2019-жылга аткарылуучу иштердин планын төрага З.Бөтөков президиум мүчөлөрүнө талкууга коюп жыйынтыгында 2019-жылга иш-план кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюз уюму” кароо-сынагынын республикалык турунда байгелүү орунга ээ болгон Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Мухамедьянова) жана Кызыл Кыя шаарынын “Ландыш” балдар бакчасынын профсоюз уюму (төрайымы Ж.Душобаевалар) Борбордук комитеттин баалуу белектери планшет жана дипломдору менен сыйланышты. Мындан тышкары областтык профсоюз комитети тарабынан да областтык турдун катышуучуларына баалуу белектер тапшырылды.

Президиумдун жыйынтыгында мыкты иш алып барган төрагалардын иштери бааланып профсоюз комитеттеринин төрагаларына жана эсепчилерине баалуу белектер тапшырылды.

 

       Уюштуруу, укук иштери  боюнча адис                                                                       К.Акимов