Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Ак карлуу тоо койнунда эс алуу

2019- жылдын 25-январь күнү Бишкек гуманитардык университетинин Бириккен профсоюздук комитети тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан кызматкерлерге бир күндүк эс алдыруу уюштурулду. Бул саамалыкка жалпысынан 90го жакын кызматкер барып, бир күн болсо да тоо койнунда , таза абадан дем алып эс алып келишти. Профсоюз тарабынан ысык тамак берилип, ар кандай программадагы оюн зооктор жана кызыктуу оюндар уюштурулду. Бул иш чара аз да болсо окутуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатын көздөп, жагымдуу маанай тартуулады. Жыйынтыгында эс алуучулар тарабынан профсоюздук комитетине алкоо сөздөрү айтылып, ыраазычылыктарын билдиришти. Мугалимдердин, окутуучулардын көйгөйү чечилмейин, башкалардын алга жылуусу кыйын болот деп элибизде айтылгандай биз ар дайым ардактуу кесип ээлерине жогорку деңгээлде көңүл буруубуз бүгүнкү күндүн негизги талабы болуп турат.  

 

Материалды даярдаган 

Сатиев Азамат