Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Аксы районундагы №18 «Арча-Бешик», №14 Б.Омушова, №25 Р.Кожоматова, №3 «Бүчүр», №4 Т.Давлетов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук  уюмдарында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдарда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле 2019-жылдын иш пландары, сметалары талкууланып жалпы чогулуштун токтому менен бекитилди.

№18 «Алтын-Ачкыч», №4 Т.Давлетов мектепке чейинки билим  берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук уюмдарында 2019-жылдын иш планында негизинен профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана кенже  техникалык кызматкерлердин иш орундарында ыӊгайлуу шарттарды жаратып берүү жагы артыкчылыктуу багыт катарында белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган:

 Укук жана эмгекти коргоо техникалык инспектору

 М.Омурбекова