Президиум өткөрүлдү
2019-жылдын 8-февраль күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өтөрүлдү. Анын ишине президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары 2018-жылда тармактык профсоюзда өткөрүлгөн кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлегендер чакырылып, алар Жобого баалуу белектер менен ылайык сыйланды.
13.02.2019 614 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди
2019-жыл 9-февраль күнү Ноокен районундагы № 35 Ш. Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкананын курулушу толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди. Ашкананын жалпы сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзөт. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен каралып, заман талабына ылайык салынды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 59 миң 110 сом бөлүнүп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар, эмеректер алынды. Мектеп жамааты 27 миң сомго тамак бышыруучу меш жана муздаткыч алып беришти.
13.02.2019 571 Кесиптик бирлик региондордо“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары”
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Президиуму “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында 2019-жылды тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” деп токтом кылды. Жылдын алкагында салттуу республикалык тармактык “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” кароо-сынагы уюштурулат, ага Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук, шаардык комитеттери, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профсоюз комитеттери жана илимий мекемелердин профсоюз комитеттери катыша алат.
12.02.2019 1668 2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу
Бүгүн Ноокен районундагы Сакалды айылында жайгашкан №14 “Нооруз” балдар бакчасында Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Ооган согушуна биздин Чоң-Багыш айылынан ондон ашуун жигиттерибиз катышып, Ооган элинин тынчтыгын, бейпилдигин сактоо үчүн, жаштыгын, гүлгүн курагын, ден соолугун аябай душман менен бетме-бет келип салгылашып келишкен. Ошол жоокерлерден жолугушууга Жунусов Мурат, Эгембердиев Шавкат, Мамадеминов Равшан, Абдрасулов Камил, Жолдошев Сатар агаларыбыз келип катышышты.
08.02.2019 933 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарында бала бакчалардын тарбиялануучуларынын ата-энелери үчүн сынак болуп өттү
Сынак Сони корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин негизинде өткөрүлдү. Сынакта “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду демөөрчүлүк милдетин аткарды. Сынак Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри А.Ж.Маткалыков жетектеген балдар иштери боюнча комиссиясы жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети менен биргеликте өткөрүлдү. Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү үчүн тарбиялоо усулдарын үйрөтүү аркылуу тарбия берүү жараянына ата-энелерди да тартуу болуп эсептелди.
08.02.2019 561 Кесиптик бирлик региондордоКруглый стол « Образование и обучение на компетентностной основе»
Отдел реализации проекта Азиатского Банка Развития « Программа развития сектора: навыки для инклюзивного роста» Министерства образования и науки КР провел круглый стол « Образование и обучение на компетентностной основе» 7 февраля 2019 года, в работе которого приняла участие специалист ЦК профсоюза работников образования и науки КР –Вера Бредихина.
08.02.2019 665 Маалыматтык бюллетеньДаамдуу тамак балдарга кубат
Кадамжай районундагы Халмион аймагына караштуу “Күн бала” балдар бакчасында Ашпозчулардын семинары болуп өттү. Семинарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бардык бала бакчанын ашпозчулары катышты.
08.02.2019 698 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-бала идеалы, баланын бактысы
Эртең менен көзүңдү ачып, таң шооласы менен учурашаар замат мугалимдин жолун карап, дүйнөнү эми таанып келе жаткан,жан дүйнөсү таза,көптөн көп үмүтү бар балдар элестейт. Үйүң деле, өз каныңан жаралган балдарың деле көзүңө илинбей ошолорго тез жетүунү самайсың. Мугалим жолду катар келе жатып он ойлонуп, он толгонот. Бала үчүн иштөө, баланын жашоосуна чыйыр салып берүү, жаңы инсандын башатынын көзун ачуу, коомдун жаңы агымынан тайбай тургандай кылып окутуу мугалим үчүн түйшүк эмей эмине? Ар бир сабак ак барактай дүйнөсү таза баланын сезимине булук салып, ойлонтуп, жан дуйнөсүн
07.02.2019 701 Кесиптик бирлик региондордоБаштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жыл жыйынтыгын жыйынтыкташты
Таш-Көмүр шаарына караштуу мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары жылдын жыйыгын чыгарышып мектептерде профсоюздук чогулуштарын өткөрүштү. Быйылкы 2019-жылдын иш пландары бекитилип,өткөн жылдын анализдери жүргузүлдү. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан кабыл алынган иш пландар толугу менен аткарылып, мугалимдердин муктаждыктарын камсыз кылышты. Тактап айтканда мугалимдер бекер медициналык кароолордон өткөрүлдү. Ошондой эле профсоюздук уюмдар бош убакыттарын дагы максаттуу пайдаланышууда. Эс алуу үчүн атайын эс алуу бөлмөлөрү уюштурулуп,өнөктөштөр менен демөөрчүлөр тарабынан тиешелүү мебелдер,зарыл эмеректер менен жабдылууда.Профсоюздук иш чараларды сапаттуу уюштуруу менен биргеликте иштеп жаткандардын саламаттыгын чыңдоо,эс алдыруу жана эмгек
07.02.2019 616 Кесиптик бирлик региондордо“Коопсуз миграция”
2019-жылдын 1-февраль күнү Лейлек районунун Исфана шаар мэриясына караштуу У.Маткаримов атындагы №4 гимназия жатак-интернатында «Коопсуз миграция» деген темада семинар болуп өттү. Бул семинарга интернаттын педагогикалык жалпы жамааты, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук каанасынын башчысы Н.С.Эралиева, социалдык жактан жарандарды коргоо боюнча ѳкүл Т.Алибеков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, “Инсан Лейлек» коомдук фондунун юристи К.Карчыгабекова, Исфана шаар мэриясына караштуу мектептерден келген соц педагогдор жана окуучулар катышышты.
07.02.2019 800 Кесиптик бирлик региондордоКесип бирлик комитетинин кезектеги отуруму
Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Надыр Мамбетов мектебинде кезектеги кесип бирлик комитетинин отуруму болуп өттү. Отурумда 2018-жылда профсоюздун аткарган иштери, өткөргөн иш чаралардын мазмуну, материалдык жардамдар жөнүндө талкуу жүрдү. Кесип бирлик комитетинде 77 мүчө бар. Жыл ичинде майрамдарга карата кечелер, жайкы эс алуулар уюштурулган. Жаӊы 2019-жылга карата кесип бирлик комитетинин төрайымы Н.Тотоева иш пландарын түзгөн. Отурумда 2019-жылдын сметасы түзүлдү. Сметада каралган акча каражаты профсоюз мүчөлөрүнүн жайкы эс алуусуна , майрамдарды өткөрүүгө , материалдык жардамга мукташ профсоюз мүчөлөрүнө жумшалат.
07.02.2019 607 Кесиптик бирлик региондордо