Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин семинар кеңешмеси болуп өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №14 “Нооруз” балдар бакчасында зордук-зомбулук, жашы жете элек балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Ноокен райБББнүн мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У.Шамаматова, айыл башчысы Э.Субанов, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын балага тийгизген таасири жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, кенен талкуу жүргүзүлдү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган "Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция", Кыргыз Республикасынын "Балдар жөнүндөгү кодекси" тууралуу ата- энелерге кенен түшүндүрүлүп, суроо-жооптор болду. Семинар-тренингдин акырында ата-энелерден ушундай семинарлар мектеп, бакчаларда көбүрөөк өткөрүлсө, зордук - зомбулуктун, балдарга карата жасалып жаткан кылмыштардын алдын алган болот элек деген сунуштар түштү. Иш чаранын акырында бакчанын тарбиялануучулары тарабынан чакан концерттик номерлер тартууланды.

№42 «Нур-Айым»  балдар бакчасынын

 директору К. Мурашева