Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Исфана” жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде 2019-жылдын 24-25-январь күндөрү “Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” деген темада мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.  

Тренингдин максаты окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн позитивдүү тарбияны түзүү ыкмаларын жана техникаларын, жана ошондой эле шыктандыруучу чөйрөнү түзүү боюнча башталгыч мектептердин мугалимдеринин, мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилеринин жана окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын дараметин жогорулатуу болуп саналат.

“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” модулу Кыргыз Республикасындагы USDA “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоорунун кызматкерлери тарабынан даярдалган.

Модулда кол көтөрүү , чабуу, коркутуу, урушуу, кыйкыруу, кемсинтүү, мажбурлап иш аткартуу ж.б.у.с. аракеттердеги альтернатива катары позитивдүү тарбиянын усулдары жана техникалары сунушталган.

Долбоордун ою боюнча, мугалимдерди жагымдуу чөйрөнү түзүп жана тартипке чакыра билүүгө үйрөтүү балдардын үлгүлүү журуш-турушуна гана эмес, бардык сабактардан жана анын ичинен окуу сабактарынан үлгүлүү окуусуна да шарт түзөт. Бул баланын өнүгүүсүнө, мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын ачууга, өзүн-өзү реализациялоого үйрөнүүсүн камтыйт да, окуучуну окуу процессинин негизги фигурасы катарында карайт. Жыйынтыгында ден-соолугу чың, чын дили менен билимге умтулган, бактылуу, ийгиликтүү, үй-бүлөөсүн жана мектепти сүйгөн бала тарбияланат.