Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети «Региондорду өнүтүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземин өткөрдү

2018-жылдын 29-январь күнү  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова  «Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча шаардык, областтык сынакта 1-орунду ээлеген, Республикалык сынакта дипломго ээ болгон №4 “Ландыш” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Ж.М.Душобаевага  билим берүү кызматкерлеринин областтык, борбордук комитеттери тарабынан берилген дипломдорду жана акыркы үлгүдөгү ноутбук тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземине шаардык кеңештин депутаты Д.Халмурзаев чакырылып, сыйлык ээсине мындан ары да иштерине ийгиликтерди каалап кетти.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова сыйлык ээсине  учурда технология өнүккөн доордо жашап жаткандыгыбыздан жазуу иштерин жеңилдетүү максатында ноутбук белек кылгандыгын айтуу менен, ишине ийгиликтерди каалады.

 

 

Материалды даярдаган 

Жыпаргул Душобаева