Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Лейлек районунда “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу

Лейлек районунда “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу

Лейлек районунун мектептери “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу максатында районго караштуу 10 айыл өкмөттөн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 10 мектеп тандап алынып, 2019-жылдын 12-февраль күнү ар биринде семинарлар өткөрүлдү. Семинарларга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бардык мектептердин жетекчиликтери, организаторлору, соц. педагогдору, окуучулардын энелери катышышып иш чаралар жогорку деңгээлде өттү.

 18.02.2019      753       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы бардык билим берүү уюмдарында зыяндуу иш орундары аныкталды

Аксы районундагы бардык билим берүү уюмдарында  зыяндуу иш орундары аныкталды

2019-жылдын 4-11-февралында Аксы районундагы мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында «өзгөчө шартта иштеген» кызматкерлердин жумуш ордунда зыяндуу шарттарды аныктоо үчүн Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана Аксы райондук СЭЦтин башкы дарыгери

 18.02.2019      554       Кесиптик бирлик региондордо

Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт!

Тирүүлөр баркталмайын, өткөндөр даңкталбайт!

Сүлүктү шаарында 15-февраль күнү Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу аземи Сүлүктү шаарынын мэриясынын уюштуруусу менен шаардык маданият сарайында өткөрүлдү. Мекен сакчылары, элибиздин уулдарын куттуктап 1-вице-мэр Б.Ташев жана шаардык кеңештин төрагасы К.Исмаиловдор баш болгон шаарыбыздын жетекчилери катышып, жылуу сөзүн арнап белектерин тартуулашты.

 18.02.2019      710       Кесиптик бирлик региондордо

Баштапкы кесиптик уюмдун социалдык өнөктөшү Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы менен сыйланды

 Баштапкы кесиптик уюмдун социалдык өнөктөшү Жалал-Абад обкомунун Ардак грамотасы менен сыйланды

№ 30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюму тармактык кароо-сынактын республикалык турунда Гран прини багындырган. Мында социалдык өнөктөш катары Шайдан айыл өкмөтүнүн да салымы чоң. Алыкулов Шергазы Мухтарович 2016-жылдан тартып Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатат. Бул жылдар аралыгында түзүлгөн Үч тараптуу келишимдердин негизинде Шайдан айыл аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын социалдык-.экономикалык маселелерин чечүүдө өзүнүн зор салымын кошуп, мыкты социалдык өнөктөш экендигин далилдей алды.

 18.02.2019      582       Кесиптик бирлик региондордо

"Ооган ардагерлерине таазим!"

"Сүлүктү-Келечек" ясли бакчасында 15-февраль Ооган ардагерлеринин күнүнө карата "Ооган ардагерлерине таазим!" аттуу эртелик өткөрүлүп, эртелике Ооган согушунун ардагерлери Саитов Абдугапар, Сыдыков Жакуббек, Абдрахманов Дастан агаларыбыз келип, балдарга патриоттук сезим тартуулашып, Ооган согушу жана патриоттуулук жөнүндө кеп салып беришти.

 18.02.2019      628       Кесиптик бирлик региондордо

Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы кичи мекени Ноокенде белгиленди

Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы кичи мекени  Ноокенде белгиленди

Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, коомдук ишмер, публицист, режиссёр жана саясатчы Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдык мааракеси өзү туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда белгиленди. Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болсо 13-февралда 80 жашка толмок. Эскерүү иш-чарасына райондун акими Э. Маматаев, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Д.Садырбаевдин туугандары катышты.

 18.02.2019      818       Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушу- айыкпас жара

Ооган  согушу-  айыкпас  жара

2019-жылдын 14-февралында Кадамжай районундагы Үч-Коргон аймагында 30 жылдык афганецтер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга үч ардагер, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин търагасы А.Момошов, Билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, бардык мектеп жетекчилери жана окуучулар катышты.

 18.02.2019      957       Кесиптик бирлик региондордо

БЕЛЕК АЛГАН КАНДАЙ СОНУН, АЙРЫКЧА КИТЕП БОЛСО...

БЕЛЕК АЛГАН КАНДАЙ СОНУН, АЙРЫКЧА КИТЕП БОЛСО...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Коллежинде 14-февраль Эл аралык китеп белек берүү күнүнө карата “Келгиле достор китеп белек берели” аттуу тегерек стол болуп өттү. Аталган иш чара Коллеждин жаштар комитети тарабынан студенттерди китеп окууга кызыктыруу, инсандын калыптануусу үчүн китеп окуунун орду чоң, мааниси терең экендигин коомчулукка жаштар аркылуу жайылтуу максатында уюштурулду. Тегерек столдо алгач уюштуруу тобу тарабынан китептин тарыхы, анын таасирлери жана китеп жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилип, катышуучулардын бири-бирине белек катары китеп тапшыруу саамалыгы менен коштолду.

 18.02.2019      1537       Кесиптик бирлик региондордо

Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча иш чараларды жыйынтыктоо жаны жаны 2019-

Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү жылын өткөрүү боюнча иш чараларды жыйынтыктоо жаны жаны 2019-

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” райондук кароо-сынагы жарыяланган, жыйынтыгында иштелип чыккан жобого ылайык Чуй айылындагы №2 С.Ибраимов атындагы орто мектебинин жана Чуй айылындагы №1 “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин профсоюз комитети алдынкы орундарга жетишип республикалык кароо сынакка жиберилген, ал эми 14 башталгыч профсоюз комитети кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты. Кенешмеде кароо сынакка берилген материалдар менен иштеген комиссия мүчөлөрүнүн ой пикирлери кенири айтылып ар бир башталгыч профсоюз уюму кандай тартипте иш жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.

 14.02.2019      504       Кесиптик бирлик региондордо

Усулдук күн өткөрүлдү

Усулдук  күн өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилип жаткан усулдук материалдар биз сыяктуу жаш кызматкерлер үчүн абдан маанилүү деп айтсак жаңылышпайбыз. Бүгүн Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү Жалал-Абад областтык комитети тарабынан берилген “Тармактык профсоюз өнүгүү жолунда” аттуу 4-китепчедеги усулдук материалдар менен таанышышты.

 14.02.2019      598       Кесиптик бирлик региондордо

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН АГАЙ...

ТҮБӨЛҮКТҮҮ ДАРАЖАҢЫЗ КУТ БОЛСУН АГАЙ...

Көөдөнүмдө кайнаган реалдуу ойлордон жаралган төмөндөгү чакан макаламды, куттуктоо иретинде жакында өзүнүн докторлук дицертациясын ийгиликтүү коргоп, илим изилдөө жолундагы бийик ашууну ашып отурган Бекмурза Зулуев агайымдын жеке бейнесине арнайм. Жетекчи – бул жол баштоочу. Жетекчинин максаты кимдир бирөөнү башкаруу эмес - уюмун өнүктүрүү. Ал муну кызматкерлерин өркүндөтүү менен ишке ашырат. Аларга жол көрсөтүп, өзүнө болгон ишеним берип, күчтүү кадрларды топтойт. Бул аракеттер ар бир жетекчинин максатындагы көрүнүштөр. Мына ошол жетекчилик кызматтардын бирин татыктуу аркалап келе жаткан, аткарган иши менен сүйлөгөн сөзү дал келип, алгылыктуу ишмердүүлүк жүргүзүү менен миңдеген студенттердин, жамааттын жана коомчулуктун көңүл борборунда жашап келген Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Зулуев Бекмурза Бекболотович.

 14.02.2019      1013       Кесиптик бирлик региондордо