Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды

2019-жылдын 29-январь күнү  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү.

Президиум  кенешмесине   К.Нышанов, З.Усенов, А.Усманов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты.

Президиум  күн  тартибинде  төмөнкү  маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Райондук комитеттин  2019-жылга  иш  планын  бекитүү  жөнүндө.
  2. Райондук комитеттин  регламентин  бекитүү жөнүндө
  3. Райондук комитеттин  2019-жылга сметасын бекитүү  жөнүндө.
  4. Кезектеги 4-ПЛЕНУМду чакыруу жөнүндө.
  5. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана  санариптештирүү жылында эң мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2019”  кароо-сынактын  райондук  турун  уюштуруу  жөнүндө.
  6. № 42 “Нур Айым”, №43 “Керемет” жана №44 “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз уюмдарын райондук комитеттин мүчөлүгүнө кабыл алуу.
  7. “Ден соолук-2019” мугалимдердин райондук спартакиадасын өткөрүүгө каражат бөлүү.

 

Материалды даярдаган

 Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров