Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

“Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу ата - эне- мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара

    “Атам, апам жана мен” үй - бүлөлук спорттук оюндар аркылуу  ата - эне-  мугалим - окуучу байланышын чыңдайбыз аттуу иш-чара

Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-сай шаарчасында жайгашкан № 2 К.Кенжекулов жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8-январь күнү спорттук иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты: • Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кам көрүү • Мугалим-ата-эне байланышын чыңдоо • Окуучулардын бош убактыларын максаттуу пайдаланууга үгүттөө Бул мелдеште негизинен башталгыч класстары катышып,активдүү катышкан жана жеңүүчү деп табылган үй-бүлөлөр мектептин Ардак грамоталары жана демөөрчүлөрдүн баалуу сыйлыктары менен ал эми балдар “Кыргыз эл жомоктору”аттуу китепчелер менен сыйланышты. Жалпы ата-энелер уюштуруу комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 10.01.2020      1235       Кесиптик бирлик региондордо

Лучшие учителя, детсады, школы и студенты 2019 года

Лучшие учителя, детсады, школы и студенты 2019 года

По итогам конкурса «Сердце отдаю детям-2019» были определены победители в номинации «Лучший учитель года». В этот список вошли 9 учителей из разных регионов республики. - Тологонов Баяз Мойдинович — учитель английского языка, средняя школа им. А.Осмонова Панфиловского района Чуйской области; - Сыдыкова Астрагул Нурдубековна — учитель физики, средняя школа им. К.Каримова Ноокатского района Ошской области; - Лебедева Светлана Владимировна — учитель начальных классов, школа-комплекс им. А.Осмонова Иссык-Кульского района;

 10.01.2020      1203       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерин, социалдык өнөктөштөрүбүз болуп саналышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. 2019-жылы  Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында” биз өзүбүздүн ишмердигибизди бирден-бир стратегиялык максатыбыз болгон профсоюз  мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн арнап, бул жаатта бир катар иштерди аткарууга жетишкенибизди сыймык менен айтууга негиздер бар. Биз жаңырган 2020-жылга арбын милдеттерди иш жүзүнө ашырууну алдыга коюп жатабыз. Алардын арасында билим берүү системасынын кызматкерлеринин аз эмгек акы алышкан  бөлүгүнүн эмгек акыларын көбөйтүү боюнча иштерди улантуу, социалдык өнөктөштөр менен макулдашууларга жана жамааттык келишимдерге профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин кеңейтүү багытындагы иш кагаздарын Эл аралык эмгек уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү, коопсуз жана ыңгайлуу эмгектенүү шарттарын түзүү боюнча иштерге профсоюздук активди, эмгекти коргоо боюнча коомдук нускоочуларды катыштыруу, тармактык профсоюздун катарына жаштарды тартуу, профсоюздун маалыматтык-телекоммуникациялык  түзүмүн өркүндөтүү, эл аралык профсоюздук кыймылга тилектештик билдирүү жана биригүүнү колдоо сыяктуу олуттуу милдеттер бар.

 30.12.2019      611       Маалыматтык бюллетень

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №11-12 (197-198) ДЕКАБРЬ, 2019

ПОЗИЦИЯ ПРОФСОЮЗА №11-12 (197-198) ДЕКАБРЬ, 2019

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун, аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан эгемен өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлерин, социалдык өнөктөштөрүбүз болуп саналышкан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын, айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктаймын. 2019-жылы Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү цифралаштыруу жылынын алкагында райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылында” биз өзүбүздүн ишмердигибизди бирден-бир стратегиялык максатыбыз болгон профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн арнап, бул жаатта бир катар иштерди аткарууга жетишкенибизди сыймык менен айтууга негиздер бар.

 30.12.2019      1735       "Позиция профсоюза" газетасы

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жаңы жылды тосушту

Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесип бирлик мүчөлөрү кирип келаткан жаңы жылды тосушту. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос, айылдагы демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты, салтанатты өткөрүүгө жумшалды. Мугалимдер чакан концерттик программа даярдашып, тартуулашты. Кирип келе жаткан жаңы 2020-жыл тынчтыктын, токчулуктун, жылы болсун. Иштерибизге талыкпаган эмгек, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап мектеп директору сөз сүйлөдү. Мектептеги окуучулар үчүн балаты майрамы уюштурулду. Социалдык жардамга муктаж болгон окуучулар үчүн,акимдин арча майрамы уюштурулду. Республика боюнча кесип бирлик мүчөлөрүн жаңы жылы менен куттуктап кетем.

 30.12.2019      455       Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго ИИМСИнин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды

Борбордук Комитеттин  төрагасы А.Токтогуловго   ИИМСИнин “Ардактуу профессору” наамы  ыйгарылды

2019-жылдын 25-декабрында Жалал-Абад шаарындагы Илимий - изилдөө медициналык- социалдык институтунда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович менен жамааттын жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын 1-бөлүгүндө меймандарды институттун Президенти экономика илимдеринин кандидаты, доцент Арынбаев Жаңыбай Токоевич, институттун ректору, физика-математика идимдеринин доктору, Куштарбек Бекмуратович Тампагаров жана жамааты менен тосуп алышты. Институттун Президентинин жумуш бөлмөсүндө жамаат жөнүндө меймандарга кыскача маалымат берилип, институтка эстелик белектер тапшырылды.

 30.12.2019      577       Маалыматтык бюллетень

Өнөктөштүк өркүндөөдө

Өнөктөштүк өркүндөөдө

2019-жылдын 17-декабрь күнү Өзгөн районундагы Төрт-Көл айыл өкмөтү тарабынан айыл өкмөттүн аймагында жайгашкан мектептерге 2019-2020-окуу жылында окуу жайды жаӊы бүтүп келип педагогикалык эмгек жолун баштаган жаш адистерге жергиликтүү каражаттын эсебинен жөлөкпулдар берилди. Жаш адистерге жөлөкпул тапшыруу салтанатына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев, Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов жана мектеп директорлору катышты. Эмгек жолун жаӊы баштаган Т.Асранов атындагы орто мектебинин физика мугалими Маматали кызы Жумагүлгө, Ж.Даликулов атындагы башталгыч мектебинин башталгыч класс мугалими Тешебаева Шахнозага жана Ж.Маматжанов атындагы орто мектебинин математика мугалими Мурзабекова Анарага Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Эсенбаев тарабынан жөлөкпулдар тапшырылды жана педагогикалык ишине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

 30.12.2019      481       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз-бул тирөөчү, колдоочу, мугалимдердин ишеничи!

         Профсоюз-бул тирөөчү, колдоочу, мугалимдердин ишеничи!

Таш-Көмүр шаарындагы №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баштапкы уюмунун башчысынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. 2019-жылдын 20-декабрында №7 Кожобек Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюз уюмунун башчысы Б.Усенова жыл бою аткарылган иштери боюнча маалымат берди. №7 К.Кузембаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 42 мугалим 12 кенже кызматкер эмгектенет.Окуу жылынын башында түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде мугалимдер жумалык сааттар менен камсыздалган.Мектеп администрациясы тарабынан кенже кызматкерлерге шарттар түзүлуп берилген.Ошондой эле мугалимдер үчүн атайын ысык тамак жана эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган.

 30.12.2019      740       Кесиптик бирлик региондордо

ЭРТЕҢКИНИ ОЙЛОСОК, АНДА БАЛДАРБЫЗГА КАМ КӨРӨЛҮ!

ЭРТЕҢКИНИ ОЙЛОСОК, АНДА БАЛДАРБЫЗГА КАМ КӨРӨЛҮ!

Ош гуманитардык - педагогикалык институтунда эмгектенген жалпы эмгек жамааттын жаш балдарына жана неберелерине арналып, окуу жай жетекчилиги тарабынан жаңы жылдык балаты уюштурулду. Аталган майрамдык кечеге ОГПИнин ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган ректорат жамааты, окутуучулар жана административдик чарба кызматкерлери өз балдары менен катышышты. Иш чара оюн - зоок, жомоктор жана ыр-бийлер менен коштолуп, жаш жеткинчектерге жогорку маанайдагы балаты тартууланды. Мында аяз ата, аяз кыз жана балдар үчүн өзгөчө кызыгууну жараткан түрдүү жаныбарлардын катышуусунда таасирдүү жомоктор аткарылып, катышуучулар арасында жаңы жылдык мыкты маанай жарата алышты. Кеченин соңунда окуу жай жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан аяз атанын белектер, таттуулар ырасталып, бардык жеткинчектерге тапшырылды.

 30.12.2019      455       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр  шаардык комитети жыл жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 2019-жылдын 25-декабрында жыйынтыктоочу президиумун өткөрүп, аткарган иштери боюнча маалымат берилди.Ошондой эле Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас жыл бою жаштар менен биргеликте алып барылган иш-чаралар боюнча кеңири баяндама жасалды.

 26.12.2019      425       Кесиптик бирлик региондордо

Санарип дүйнөдө жана бизде

Санарип  дүйнөдө жана бизде

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерди жыйынтыктоо, мугалимдердин, усулдук бирикме жетекчилеринин компьютердик сабаттуулугун, техникалык каражаттар менен иштөөсүн өркүндөтүү, чыгармачылык деңгээлин, адистик чеберчилигин арттыруу, өз алдынча изденүүчүлүгүн өстүрүү максатында "Санарип дүйнөдө жана бизде" аталышындагы конференция болуп өттү. Анда Ноокен районунун акими Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, райондогу билим берүү мекемелеринин директорлору, жаштар катышышты.

 26.12.2019      585       Кесиптик бирлик региондордо