Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин ийгили

Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин ийгили

2020-жылдын 17-январь күнү Жогорку Кеңештин имаратында Жарандык Идеалар Фонду тарабынан Жогорку Кеңештин алдында уюштурулган “Жаштар парламенти-2020” депутаттарынын мандатын тапшыруу жана төш белгилери менен сыйлоо иш чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору, Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары Уметов Уланбек катышып келди. Ал 2020-жылдын “Жаштар парламентине” депутат болуп шайланган.

 22.01.2020      527       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИ – сапаттуу билим берүүгө карай...

ОГПИ – сапаттуу билим берүүгө карай...

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун 18 окутуучусунан турган профессордук курам Россия жергесиндеги эл аралык университеттерде өз билимдерин жогорулатышууда. Бул тууралуу ОГПИнин сырткы байланыштар жана инвестиция тартуу департаменти маалымдайт. Маалыматка ылайык аталган иш сапарга ОГПИнин эл аралык байланыштар боюнча тиешелүү келишимдеринин негизинде окуу жайдын Информатика жана жаны маалыматтар технологиясы, Орус тилим жана адабияты, Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедраларынын окутуучулары жана ОГПИнин окуу бөлүмүнүн адистери жөнөтүлгөн.

 22.01.2020      694       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы баштапкы кесиптик уюмдар райондук комитеттин курамына кабыл алынды

Жаңы баштапкы кесиптик уюмдар райондук комитеттин курамына кабыл алынды

2020-жылдын 20-январь күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров № 45 “Наристем” жана № 46 “Гулзар” балдар бакчаларында болушту. Анда жогоруда аталган бакчалардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде райондук комитеттин курамына кабыл алуу жана баштапкы кесиптик уюмунун жетекчисин шайлоо жөнүндө маселелер каралды. № 45 “Наристем” балдар бакчасына  Абдыгулова Тазагүл, №46 “Гүлзар” балдар бакчасына Абакулова Гулмира жамааттардан сунушталып, бир добуштан шайланышты.

 22.01.2020      446       Кесиптик бирлик региондордо

«Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими» наамы ыйгарылды

«Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими» наамы ыйгарылды

Жалал- Абад областына караштуу Сузак районундагы Т.Темирбаев атындагы гимназия орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Авазов Абдыманап Коноковичке Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими» наамы ыйгарылды . Ал бул наамга билим берүү тармагына сиӊирген көп жылдык эмгеги , новатордук чыгармачылык ишмердүүлүгү жана окуучулардын билим сапатын жогорулатуудагы жетишкендиктери үчүн жетишти. Агайдын жогорудагы наамы менен районубуздун мугалимдери чын жүрөктөн куттукташат , мындан ары да агайдын насаатчылык иштерине ийгилик ,чын ден соолук жана узун өмүр каалашат.

 21.01.2020      764       Кесиптик бирлик региондордо

Семинар по делопроизводству и электронному документообороту

Семинар по делопроизводству и электронному документообороту

Московский районный комитет 17 января провел семинар по профсоюзному делопроизводству для председателей профкомов в актовом зале ЦДТ «Тан-Нуру». Рассмотрены вопросы планирования первичной профсоюзной организации, работы общественных комиссий, правильность оформления протоколов, решений профсоюзных собраний и заседаний профсоюзного комитета. Особенный интерес к данным вопросам был у вновь избранных председателей. Для успешной работы молодых председателей разработан и роздан на семинаре методический материал.

 20.01.2020      490       Маалыматтык бюллетень

Социалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты

Социалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты

2019-жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети областта, республикада эң мыкты аталды. Бул ийгиликтердин негизги себептеринин бири социалдык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык деп айтсак жаңылышпайбыз. 2020-жылдын 15-январь күнү Жалал-Абад обкомунун төрагасы   А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров, финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдор Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунда болушту. Андан соң Ноокен райондук  билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Н.Олжобаев менен жолугушуп, жаңы кызматка киришүүсү менен куттукташты. Анда 2020-жылга карата социалдык өнөктөштүк багытында бир катар маселелер талкууланып, ой-пикирлер менен алмашышты.

 20.01.2020      512       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жыл иш-чарасы өткөрүлдү

Жаңы  жыл  иш-чарасы өткөрүлдү

Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы оюн-зоок өткөрүүчү аянтчада райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен 13-январь Эски жаңы жыл майрамына карата кышкы спорттук оюндары өттү. Мелдеште эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, чана менен жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай, челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Оюндарга 20дан ашуун мекемелердин эмгек жааматтары катышып, өздөрүнүн шамдагайлыктарын жана спорттук деңгээлин көрсөтүштү. Мында, мелдештин бардык түрлөрү боюнча мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбичылары шамдагайлуулукту көрсөтүшүп, өзгөчөлөнө алышты.

 20.01.2020      594       Кесиптик бирлик региондордо

Новогоднее послание от ETUCE

Новогоднее послание от ETUCE

Мы вступаем в новое десятилетие, и 2020 уже обещает быть интересным и трудным. В год, который может стать поворотным для климатической ситуации, вопросы устойчивости развития и защиты окружающей среды стоят в первых строках повестки дня во всем мире. Работники образования и их профсоюзы также призваны сыграть здесь свою роль. Мы будем работать вместе с другими социальными партнерами, правительствами, политическими лидерами и гражданским обществом в целом над реализацией действий, которые способствуют достижению Целей ООН в области устойчивого развития к 2030 году.

 20.01.2020      483       Кесиптик бирлик региондордо

Кайра ишеним көрсөтүлдү

Кайра  ишеним  көрсөтүлдү

Жыл жаңырып, Баткен шаарында жакшы саамалыктар болду. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы 2020-жылдын 9-январында өткөрүлдү. Конференцияга Били,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, Баткен шаардык кенешинин төрагасы А.А.Ташбеков, шаардын вице мэри И.Т.Рыскулова, Областтык профсоюз комитетинин тех.инспектору К.Акимов жана башкалар катышты.

 16.01.2020      472       Кесиптик бирлик региондордо

Аксыда олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аксыда олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аксы районунда 2019-жылдын 19-20-декабрь айында райондук предметтик олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада Т.Уметалиев атындагы мектепте эки күн болду. 19-декабрь күнү теориялык, 20-декабрь күнү практикалык тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында областык турга Ж.Мавлянов мектебинен 6 окуучу, Ж.Мамытбеков мектебинен 3 окуучу, Ж.Боконбаев мектептен 2 окуучу, Мешковдон 3 окуучу өтүштү. Олимпиада жаңы онлайн ыкмасы менен өткөрүлдү. Тапшырмалар областтан берилди. Райондук билим берүү башкармасынын башчысы Эмилбек уулу Талантбек жылды жыйынтыктап, орундарга ээ болгон окуучуларды райондук Ардак грамота менен сыйлады. 1-2-3-орунду ээлеген окуучулар мектептин наамысын коргоп, мыктылары областтык турга жолдомо алышты. Предметтик олимпиаданын областтык түрү 2020-жылы февраль айында өткөрүлөт. Аксы районунун профсоюз комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков окуучуларга ийгилик каалап, куттуктоо айтты. Окуучуларыбыз областык олимпиададан ийгиликтерди багындырып, Республикага катышууга жолдомолорго ээ болот деген үмүттөбүз. 2020-жылда Аксы районуна жемиштүү жылдардан болот деп ишенебиз. 

 16.01.2020      541       Кесиптик бирлик региондордо

Райкомдун президиумунун отуруму өткөрүлдү

Райкомдун президиумунун отуруму өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук Комитетинин президиуму өткөрүлдү. Президиумдун күн тартиби боюнча төмөндөгү маселелер каралды: 1. Райкомдун 2020—жыл үчүн иш-планын бекитүү жөнүндө, 2. Райкомдун 2019-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жана 2020-жылга сметаны бекитүү жөнүндө. 3. Ар-түрдүү маселелер

 16.01.2020      473       Кесиптик бирлик региондордо