Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр 2020-жылдын пландарын талкуулашты

2019-жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитети областта, республикада эң мыкты аталды. Бул ийгиликтердин негизги себептеринин бири социалдык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтык деп айтсак жаңылышпайбыз.

2020-жылдын 15-январь күнү Жалал-Абад обкомунун төрагасы   А.Исмаилов, обкомдун инспектору А.Айдаров, финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулаймановдор Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунда болушту.

Андан соң Ноокен райондук  билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Н.Олжобаев менен жолугушуп, жаңы кызматка киришүүсү менен куттукташты.

Анда 2020-жылга карата социалдык өнөктөштүк багытында бир катар маселелер талкууланып, ой-пикирлер менен алмашышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т.Бакиров