Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жыл иш-чарасы өткөрүлдү

Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылындагы оюн-зоок өткөрүүчү аянтчада райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен 13-январь Эски жаңы жыл майрамына карата кышкы спорттук оюндары өттү.

Мелдеште эркектер жана аялдар арасында лыжа менен 500-1000 метр аралыкка жарышуу, эстафеталык жарышуу, чана менен жарышуу, аркан тартыш, кап менен урушмай,  челек чапмай сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү.

Оюндарга 20дан ашуун мекемелердин эмгек жааматтары катышып, өздөрүнүн шамдагайлыктарын жана спорттук деңгээлин көрсөтүштү.
Мында, мелдештин бардык түрлөрү боюнча мугалимдер жана балдар бакчаларынын тарбичылары шамдагайлуулукту көрсөтүшүп, өзгөчөлөнө алышты.
Соңунда жогорудагы оюндардын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми,  командалык эсеп менен алганда 1- орунду райондук социалдык коргоо башкармалыгынын командасы,  2-орунду Сүйүмкан Чондоева атындагы бала бакчасы, 3- орунду Сатимбай Мырзалиев орто мектеби ээлешип, атайы дипломдор менен сыйланышты.

Иш чарага жалпы 200гө жакын адам катышты.

 

Материалды даярдаган: 

Чаткал  райкомунун төрагасы

Ы. Кудайбердиев.